Президенттин агасынын алтын кармаган сүрөтү. Коомчулукта кайрадан «Кумтөр» маселеси көтөрүлдү

7-сентябрда соцтүйүндөрдүн колдонуучулары президент Садыр Жапаровдун агасынын — Сабыр Жапаровдун сүрөтүн бөлүшө башташты. Сүрөттө Сабыр Жапаров алтын куймаларды кармап турганын көрүүгө болот.

Алтын куймаларды кармаган Сабыр Жапаров.

Сүрөт коомчулукта кызуу талкууга алынып, айрым колдонуучулар түшүндүрмө берүүнү талап кылышты.

Түшүндүрмөнү президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев берүүгө аракет кылды. Активист Атай Бейшенбектин Фейсбуктагы билдирүүсүнө Султанбаев сүрөт эски экенин жазып калтырды. Анын айтымында, сүрөт 2016-2017-жылдары тартылган.

Эрбол Султанбаевдин комментарийинин скриншоту.

Бирок, маалымат катчынын сөзүнөн кийин айрым интернет колдонуучулар сүрөттө Сабыр Жапаровдун колундагы бет капка көңүл бурушту. Колдонуучулар 2016-2017-жылдары коронавирус пандемиясы баштала элек болчу, демек бет кап тагуу эрежеси да кирген эмес деген аргумент келтиришти.

Жыйынтыгында Султанбаев сүрөт качан, кандай шартта тартылганы тууралуу ЖМКга маалымат берүүнү убадалады. Бирок, материал жарыяланган учурда түшүндүрмө беришкен жок.

Алтынга байланышкан чуу жана оппозициянын талаптары

Президенттин агасынын алтын кармаган сүрөтү жалпы суммасы 1 млрд доллар болгон 19 тонна алтындын сатылып кеткени тууралуу маалыматтын жашырылышына байланыштуу чуу чыккан шартта интернетке тарады.

Улуттук банктын отчётунда суммасы 1,1 млрд долларды түзгөн 19,2 тонна алтын «белгисиз өлкөгө» экспорттолгон деп айтылат. Президент Садыр Жапаров коопсуздук үчүн алтын сатылган өлкө сыр боюнча калат деп билдирген.

Бирок журналисттер алтындын кайда экенин аныкташты — ал өлкө Швейцария болуп чыкты.

Алтындын сатылып кеткени тууралуу маалыматтар жашырылганына байланыштуу Бириккен демократиялык кыймыл бир нече ирет билдирүү жасаган. Алар президенттен жай мезгилинде Кыргызстандын карамагына өткөн «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгү жана алтын боюнча отчёт берүүнү талап кылышкан.

«Демек, 2012-жылы (Садыр Жапаров жетектеген), 2012-жылы (Темир Сариев жетектеген), 2021- жылы (Акылбек Жапаров жетектеген) мамлекеттик комиссиялар тактаган экономикалык, экологиялык зыяндар эч бир методикасыз жасалганбы? Садыр Жапаров 2017-жылы оппозицияда жүргөндө "колубуздагы турган документтерге таянсак, экологиялык зыян 7 млрд. доллар түзөт", бийлик бизге бербей жаткан документтер колго тийсе, бул көрсөткүч 100 млрд. доллардан ашат", - деп билдирүү жасаган. Садыр Жапаровдун кайсы сөзүнө ишенишибиз керек?"», — деп билдиришкен уюмдан.

Садыр Жапаров Кумтөр кенинде. Сүрөт: Президенттин сайты.

Парламент да министрлер кабинетинен алтын боюнча отчёт берүүнү талап кылып кылууда. Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында бир катар депутаттар бул маселе боюнча парламентте өкмөттүн отчётун угууну сунушташты.

Депутат Шайлообек Атазов Министрлер кабинети парламентте буга байланыштуу отчет бериши керектигин белгилеп, ага кендеги финансылык бузуулардан улам кызматтан алынган «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү да чакыруу зарылдыгын айтты. Ошондой эле Башкы прокуратура УКМК, ИИМ жана Эсептөө палатасы менен биргеликте ишкананын ишмердүүлүгүн текшере баштаганы айтылды.

«Мына 2021-жылы Кыргызстандан 19 тонна алтын чыкты деп атат. Биз алтынчы чакырылышта “Кумтөрдү” Кыргызстанга өткөргөндө мен каршы чыккан депутаттарга дагы кыйкырып, “Кумтөрдү” [мамлекетке] өткөргөнгө колдоп бергенбиз. “Кумтөр” өтүп, Кыргызстан бакубат жашайт, сырткы карыздан эми кутулабыз деп өткөргөнбүз. Бүгүнкү күндө “Кумтөр” кандай иштеп атат, кандай келишимдер менен, Тенгиз Бөлтүрүк деген ким, ал бүгүнкү күндө эмне үчүн жумуштан алынып атат, Эсеп палатасы кандай текшерүү жүргүздү эле, бүгүнкү күндө маалымат алышыбыз керек болуп атат», — деди Атазов.

Кесиптешин депутаттар Тазабек Икрамов менен Дастан Бекешев да колдоду.

Депутат Исхак Масалиев президент Садыр Жапаров ушул жылдын июлунда «Кумтөр» боюнча отчёт берүүнү убадалаганын, бирок дагы деле ишке ашыра электигин эскертти.

Тема боюнча окуңуз: Бийлик Швейцария Кыргызстандан 1,1 млрд долларга алтын сатып алганын жашырып койгон