Бийлик түзөтүү абактарын Бишкектин сыртына чыгарууну убада кылды

Бишкектеги түзөтүү абактары беш жыл аралыгында калаанын сыртына чыгарылат. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

Аткаминер 9-сентябрда Бишкектеги мурдагы №47 колониясын демонтаж кылуу ишинин жүрүшү менен таанышты.

Түзөтүү колониясынын имаратын бузуу чечими 2022-жылдын июнь айында кабыл алынган. Колониянын медициналык, турак-жай жана башка кызматтары Новопокровкадагы №8 жана Молдовановка айылындагы №27 жана №31 атайын жайларына көчүрүлөт.

Жапаров №47 түзөтүү колониясын көчүрүүгө «түзөтүү мекемелерине карата заманбап талаптарга жооп бербеген эскирген имараттары» себеп болду деп түшүндүрдү. Ал ошондой эле, мекеменин шаардын калк жыш отурукташкан аймакта жайгашкандыгы «коомдук коопсуздукка коркунуч туудурат» деп белгиледи.

Ал эми №47 колониянын 8,5 га аянттына 5-10 миң адамдын жашоосуна ылайыкташкан көп батирлүү социалдык турак-жай комплексин курулат. Ал жакта билим берүү мекемелери жана бала бакчалар дагы салынмакчы.

«Келерки жылдан тартып бул жерде курулуш иштери башталат. Социалдык долбоорду ишке ашырууга инвесторлор тартылат», — деди Жапаров.

Кыргызстанда 11 жаза аткаруу колониясы бар, анын төртөө — жалпы режимдеги, үчөө —күчөтүлгөн режимдеги абак жайлар. Калгандары өзгөчө режимде жазасын өтөп жаткандарга, аялдарга, өспүрүмдөргө жана кургак учук менен ооругандарга ылайыкталган.

Азыркы тапта Бишкекте ТИЗО-1 гана калууда.