Карл III Улуу Британиянын жаңы падышасы деп жарыяланды

10-сентябрда Карл III Улуу Британиянын жаңы падышасы деп жарыяланды. Ханыша Елизавета II 8-сентябрда каза болгондон кийин мыйзамдуу түрдө такты анын тун уулуна өткөн.

Жаңы мураскерди тактыга отургузуу салтанаты Лондондогу Сент-Жеймс сарайында өттү. Адатта, тактыны өткөрү берүү жөрөлгөсү мурдагы башкаруучу каза болгон соң бир күн ичинде жасалат. Бирок ханышанын өлүмү кечинде белгилүү болгондуктан, бул ирет жөрөлгө кийинчерээк жасалды.

Британиянын жаңы ханы Карл III деп аталат. Себеби, орто кылымдардан тартып англис монархтардын аты латындаштырылган, анткени ошол кездеги дипломатиялык тил латын тили болгон. Ал эми Латын тилиндеги Карл деген немец аты Англияда «Чарльз» деп айтылат.

Салтанатта Карл III маркум ханышанын сүйүүсүнө жана урмат-сыйына таазим этти. Андан соң ал Англия, Шотландия, Уэльс жана Түндүк Ирландияга салттуу ант берип, аны тастыктаган документке кол койду.

8-сентябрда Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 96 жаш курагында көз жумган. Ал Улуу Британияны 1952-жылдан баштап 70 жыл башкарган. Анын өлүмүнө байланыштуу Улуу Британияда 10 күндүк улуттук аза күтүү күнү жарыяланды.

Тема боюнча:

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II дүйнөдөн кайтты