УКМК эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жанкечтинин өлүмү тууралуу маалыматты тактап жатат

«Катиба Таухид валь-Жихад» диний уюмунун эл аралык издөөгө алынган лидери, кыргызстандык Сирожиддин Мухтаровдун өлтүрүлгөнү боюнча маалымат такталууда. Бул тууралуу 11-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Мухтаров 2016-жылы Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жардыруу уюштурган деп шектелип, эл аралык издөөгө алынган.

УКМКдан террористтин өлүмү боюнча бардык жагдайлар аныкталган соң маалымат берүүнү убадалашты.

9-сентябрда ТАСС маалымат агентиги Мухтаровдун Сирияда өлтүрүлгөнүн жазып чыккан. Бул маалыматты аларга Сириядагы согушуп жаткан тараптарды элдештирүү боюнча орусиялык борбордун жетекчи орун басары Олег Егоров тастыктаган.

2017-жылдын 3-апрелинде Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо жардыруу болгон. Анда 16 киши каза болуп, жүздөн ашуун адам жабыркаган. Азыркыга чейин жардыруу боюнча бир дагы террордук топ жоопкерчилик алган эмес. 2018-жылы Орусиянын Тергөө комитети жардырууну Сирожиддин Мухтаров уюштурганын кабарлаган.

2016-жылы УКМК Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратында жардырууну ишке ашырууга буйрук берген деп саналган кишинин аты-жөнү да Сирожиддин Мухтаров (Абу Салох) экенин билдирген.

Мухтаров Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылынын тургуну экендиги аныкталып, эл аралык издөөгө алынган. Атайын кызмат жардырууга буйрутма бергендер Сирияда согуштук аракетке катышканын айткан.

Тема боюнча:

УКМК: Кытай элчилигиндеги теракт «уйгур террористтик топторунун» буйрутмасы менен ишке ашкан