Бир кадр менен: Карл III Кыргызстанга 1996-жылы келип кеткен

Улуу Британиянын жаңы падышасы Карл үчүнчү алгач ирет Кыргызстанга 1996-жылы, ханзаада Чарльз болуп турганда келип кеткен. Ал сапар Борбордук Азиянын эгемендүү мамлекеттерин кыдыруунун алкагында уюштурулган.

Экс-президент Роза Отунбаева 2016-жылы өзүнүн «АКИпресс» басылмасы үчүн жазган макаласында ошол иш сапардын жүрүшүн эскерген.

«Принц Чарльз күлүп, тамаша иретинде, биз жашаган аймакка дагы да келүүнү каалай турганын айтып — бирок “дастороконго койдун башын койбогулачы” дегени эсимде», — деп жазган ал.

Ошондой эле Отунбаева Карл королдук үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн ичинен айыл чарба тармагы боюнча кыйын эксперт экенин баса белгилеген.

10-сентябрда Карл III расмий Улуу Британиянын жаңы падышасы деп жарыяланды. Жаңы мураскерди тактыга отургузуу салтанаты Лондондогу Сент-Жеймс сарайында өттү. 73 жаштагы Карл III Улуу Британиянын тарыхында тактыга жаңы келген падышалардын эң улгайганы болуп саналат.

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II көз жумганы 8-сентябрда белгилүү болгон. Ал Улуу Британияны 1952-жылдан баштап 70 жыл башкарган. Анын өлүмүнө байланыштуу Улуу Британияда 10 күндүк улуттук аза күтүү күнү жарыяланган.

Елизаветы II акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-сентябрда өтөт. Расмий иш-чара Лондондогу Вестминстер аббаттыгында өтөт.