Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан бюджетке колдоо катары 50 млн доллар алды

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстанга республикалык бюджетти колдоо үчүн 50 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, бул сумманын 25 млн доллары — кредит. Насыя 16 жыл мөөнөткө берилди. АӨБ бөлгөн каражаттын калган бөлүгү — грант.

«Министрлер кабинети бул келишим боюнча бардык милдеттенмелерди аткарды. Анан калса, милдеттенмелер жарандардын бакубат жашоосун камсыздоо үчүн баары бир аткарыла турган талаптар болчу», — деп жазды Бекешев.

Эл өкүлү ошондой эле Кыргызстан Чүй облусу менен Бишкектеги медициналык мекемелер үчүн Жапониядан 7 млн алганын кошумчалады.

Буга чейин Бекешев Кыргызстан Дүйнөлүк банктан 38 жылдык мөөнөткө 50 млн доллар алууну пландап жатканын билдирген. Аталган каражат республиканын энергетика тармагын модернизациялоого жумшалары белгиленген.