«Клооптун» кеңсесин белгисиз эки киши аңдыды, бири милиция формасын кийген адам

Бишкекте 12-сентябрда белгисиз адамдар «Клооптун» кеңсесин аңдыды.

Журналисттер алгач милициянын формасын кийип, капитандык погон тагынган киши кеңсенин эшигене келип, сүрөткө тартып кетип калганын байкашкан.

Видео байкоо камераларынан редакциянын кеңсесине ак түстөгү унаа токтоп, милиция формасын кийген адам түшкөнүн көрүүүгө болот. Ал тепкич аркылуу көтөрүлүп, телефонун алып чыгып карап, андан соң кеңсенин эшигин сүрөткө тарткан.

Ал убакта эшикте кеңсенин кызматкери турган, ал милиционерден эмне үчүн келгенин, эмне үчүн сүрөткө тартып жатканын сураган. Бирок ал суроолорду жоопсуз калтырган.

Редакциянын күзөтчүсү эшикке чыкканда милиционер андан кайсы күзөт агенттигинде иштээрин сурап, тактада көрсөтүлгөн номерге чала баштаган. Чалып ала албай койгон соң милиционер мамлекеттик номери 01 KG 633 AAX деп көрсөтүлгөн ак түстөгү Honda Stream унаасына отуруп кетип калган.

Арадан жарым саат өткөн соң кеңсенин алдына мамлекеттик номери S 5804 AZ деп көрсөтүлгөн кара түстөгү Honda Avancier унаасы келип токтогон.

«Клооптун» кызматкерлери аны айдаган киши дагы болжолу менен кеңсени сыртынан бир нече жолу сүрөткө тартып кеткенин байкашкан.

Унааларды Carcheck сервиси аркылуу текшерип, эки унаа тең жол кыймылынын эрежесин бузганын көрдүк.

Ал эми милиция формасын кийген киши эмне үчүн келгенин, кеңсени сүрөткө тартып кеткенинин себебин билиш үчүн ИИМге жана Бишкек ШИИБне кайрылдык. Азырынча аталган эки мекеме редакцияга комментарий бере элек.

«Клооптун» журналисттери мурда дагы бир нече жолу басымга кабылган. Мисалга, 2022-жылы кышында «Клооптун» кеңсесинин алдында көз карандасыз медиаларга, «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus.Media’га каршы митинг өткөн.

Февраль жана апрель айларында белгисиз бирөөлөр «Клоопто» иштеген бир катар журналисттердин месенджердеги аккаунтарын бузуп кирүүгө аракет кылышкан. Анда да бул аракеттер ийгиликтүү ишке ашкан эмес.

Мындан тышкары, көз карандысыз журналист Болот Темиров жана анын Temirov Live командасы дагы куугунтукка кабылган. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөөлөрдөн кийин журналистке карата төрт кылмыш иши козголгон.

Темиров бул кылмыш иштерди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка алып чыгып жатканы үчүн куугунттук кылууда деп атаган.

Бирок тергөөнүн документтери менен таанышып чыккан «Клооп» жана OCCRP’нин журналисттери Темировго карата куугунтук жогору жактан, УКМКнын жетектөөсү менен уюштурулган деген жыйынтыкка келишкен.