Бизнес акыйкатчы институту: Маморгандардын ишкерлерге басымы токтобой жатат

Бизнес акыйкатчы институту 12-сентябрда ишкерлик жана инвестициялык чөйрөдөгү абал боюнча билдирүү таратты. Анда президент жеке менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө мурдагы жылы жарлык чыгарганына карабастан мамлекеттик органдардын ишкерликке карата басымы токтобой жатканы айтылат.

«Айрыкча ишкерлерге жагымсыз таасир этип жаткан укуктук ченемдик актыларды кабыл алуу маселелерин, мамлекеттик органдардын мыйзамдарды укуктан тыш чечмелеп колдонуп жатканын өзгөчө белгилеп коюу керек. Мыйзамдагы боштуктарды, карама-каршылыктарды жана так эместиктерди дагы өзүнчө белгилей кетүү керек. Мындай учурларда тийиштүү укуктук ченемдик актылар мыйзам ишкерлердин пайдасына колдонулушу керектигин шарттаганы менен иш жүзүндө таптакып тескери болуп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бизнес акыйкатчы институтунан бизнес субъектилеринин даттануулары жана башка кайрылуулардын негизинде бул жагдайга байланыштуу «тынчсызданууларын билдирип жатышканын» айтышты.

«Бул ишкерлик чөйрөнүн жагымдуулугуна жана айрыкча азыркыдай кризистик мезгилде өлкөнүн инвестициялык климатына жагымсыз таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан президенттин жарлыктарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп турат», — деп белгиленет билдирүүдө.

Бизнес акыйкатчы институтунан бизнести өнүктүрүү жана колдоо үчүн ишкерлер менен алгылыктуу иштөө, бизнеске терс таасир эткен мыйзамдарды колдонбоо, бизнести демилгеленип жаткан мыйзамдардын талкуусуна активдүү чакыруу жана талаштуу маселелерди ишкерлердин пайдасына чечүү керек экенин кошумчалашты.

2021-жылы президент Садыр Жапаров ишкерлер менен инвесторлорду коргоого багытталган бир катар жарлыктарды чыгарган. Мындай жарлыктарга президент бизнестин мамлекеттик органдарга, анын ичинде текшерүүдөгү басымдарга даттанууларынын шартында кол койгон.