15-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында 30га чукул адам «Азаттык» үналгысынын түштүк бюросунун кеңсесинин ачылышына каршы нааразычылык акциясын өткөрдү. Алар басылманын кеңсеси ачылса «улут аралык мамилеге коркунуч жаралат» деп эсептешет.
Акциянын катышуучулары «“Азаттык” Ошко штаб ачпа», «“Азаттык” бизге азап болуп калба», «Гейлер өлкөнүн келечеги эмес» деген жазуусу бар кагаздарды көтөрүп турушту.
Митингдин модератору активист Мирлан Орозбаев «Азаттык» үналгысынын Оштогу кабарчылары жетиштүү экенин белгилеп, кошумча кеңсе ачуу «бизге азыр керек эмес» деп билдирди.
«Бул митинг “Азаттыкка” каршы эмес. “Азаттыктын” башка мамлекетте отурган шефтери Ошко дагы бир штаб, бюро ачканы жатат. Ал жерге, мен билгенден, так маалымат эмес, 20дай кызматкерди алып, өзбек жана тажик тилдеринде материал жасамакчы. Мына ошол нерсеге алдын ала каршыбыз», — деди ал.
Орозбаев «Азаттык» Тажикстан менен Өзбекстанга «антенналарын коюп алып, алардын саясатын Ошто жүргүзгүсү келип жатат» деген пикирде.
Бул маселе парламентте да көтөрүлдү
«Азаттык» үналгысынын Ош шаарына жаңы кеңсе ачуу маселеси Жогорку Кеңештин 15-сентябрдагы жыйынында да көтөрүлдү. Депутат Айбек Осмонов ага Ош шаарынын жашоочулары «Азаттыктын» филиал ачуусуна каршы экенин айтып ага телефон чалышканын билдирди.
«2010-жылы Ош окуясы болгон. Ошондо “Азаттык” адилетсиздик кылган, бир тараптуу мааламат берген” деп жатышат. Ошондой эле, келечекте кыргыз-тажик, кыргыз-кытай чек араларына бут тосуулар болот. Ошону себеп кылып, митингге чыгабыз деп жатат. Ушуну көзөмөлгө алып, тапшырма берип койсок. Элдин үнү менен да эсептешип коёлу», — деди ал.
Ошондой эле депутат Надира Нарматова дагы бул боюнча шаар тургундары ага «түнү бою» телефон чалып чыгышканын кошумчалады.
«“Азаттыктын” кыргыз мамлекетине жакшы жагынан, тескери жагын көп көрсөтүп келе жатканы — ачуу чындык. Ошондуктан бул маселени өзүңүз карап, тиешелүү адамдар менен сүйлөшүп, улут аралык мамилеге чок салбай, элдердин кыжырын кайнатпай, мамлекеттин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна шек келтирбей тыюу салыңыз», — деп Нарматова парламент төрагасына кайрылды.
Ал эми Шайлообек Атазов 2010-жылдагы Ош окуясын «”Азаттыкка” окшогон уюмдар күчөтүп жиберген» деген пикирин билдирди. Анын айтымында, басылманын Ошко кеңсе ачуусун укук коргоо органдары токтотушу керек.
«Азаттыктан» эмне дешти?
Ал эми «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын Борбор Азия боюнча регионалдык редакторунун милдетин аткаруучусу Венера Жуматаева фейсбук барагына Ош шаарына кеңсе ачуу боюнча пикирин билдирди.
Ал социалдык-экономикалык курч көйгөйлөр өлкөнүн экинчи борборунда да көп экенин белгилеп, Оштогу кабарчылардын санын бир аз көбөйтөлү деген планды «башкача бурмалап ийишти окшойт» деп белгиледи.
«Керек болсо келечекте бардык медиалардын башкы офисин Ош, Жалал-Абад, Баткенге көчүрсө деле жарашмак» , — дейт ал.
Көз карандысыз ЖМКга болгон кысым
Кыргызстанда көз карандысыз басылмалар кысымга учурап келет. Буга чейин, 12-сентябрда «Клооптун» кеңсеси аңдууга кабылган.
Ал эми 2022-жылы кышында өлкөнүн көз карандасыз медиалары: «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus.Media’га каршы митинг өткөн.
Мындан тышкары, көз карандысыз журналист Болот Темиров жана анын Temirov Live басылмасынын командасы дагы куугунтукка кабылган. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөөлөрдөн кийин журналистке карата төрт кылмыш иши козголгон.
Темиров бул кылмыш иштерди Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка алып чыгып жатканы үчүн «куугунттук кылууда» деп атаган. Ал эми УКМК төрагасы иликтөөдөгү маалыматтар «ойдон токулган» деп, айыптоолорду четке каккан.
Бирок тергөөнүн документтери менен таанышып чыккан «Клооп» жана OCCRP’нин журналисттери Темировго карата куугунтук жогору жактан, УКМКнын жетектөөсү менен уюштурулган деген жыйынтыкка келишкен.
Ошондой эле март айынын башында Next TV’нын директору Таалай Дүйшөнбиев УКМК тарабынан кармалып, телеканалдын ичине кирүүгө тыюу салынган. Учурда Дүйшөнбиев камакта, анын соттук иши уланып жатат.
Материалды жазууга катышкан: Кеша Макенов