Ташиев Темировдун иликтөөсүндөгү коррупциялык фактылар «ойдон токулганын» билдирди

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Новые лица» басылмасына курган маегинде үй-бүлөсүндө бир да адам эч качан «коррупциялык схемаларга» аралашпаганын билдирди.

Ташиев журналист Болот Темировдун иликтөөсүндөгү атайын кызматтын төрагасынын үй-бүлөсүнүн коррупциялык иштери тууралуу маалыматтарды «ойдон токулган» деп дагы атады. Ал Темировдун командасынын Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланыштуу делген «Регион Ойл» компаниясы тууралуу иликтөөсү чыккандан кийин журналисттерге заводго пресс-тур өткөрүлгөнүн эске салды.

Иликтөөдө «Регион Ойл» «Кыргыз Петролеум Компанидеги» мазутту алып сатуудан 37 млн сом киреше көргөнү айтылган.

«Ал [Темиров] өзүнүн жомокторун айткандан кийин ондогон журналист заводго барып, эч кандай коррупция жок экенине ынанышкан. Бул куру айыптоолор. Бул сөздөр [оппозициячыл] Равшан Жээнбеков УКМК — киши өлтүргүч деп айткандай эле кеп», — деди атайын кызматтын жетекчиси.

Ташиев уулу катышкан тендерлер тууралуу Temirov Live’дын иликтөөсү боюнча да үн катты. Буга чейин журналисттер Тай-Мурас Ташиевге таандык «Мока Групп» компаниясы бензин жеткирүү боюнча Жалал-Абаддагы тендерлерди утуп баштаганын аныкташкан.

«Өлкөдө он миңдеген түрдүү тендерлер өткөрүлөт. Мен бизнес баштап жатканда, туугандарым, ага-инилерим, биз алты бир тууганбыз, баары ошол бизнеске тартылышкан. Чынында, бир агам пенсияга чыккан, эки агам, тилекке каршы, жакында эле кайтыш болуп кетишти, ошентип ал бизнес менин уулума өттү. Биз оппозицияда жүргөндө эле тендерлерге катышчубуз», — дейт Ташиев.

Ошондой эле ал «бийликке келгенден кийин» үй-бүлө мүчөлөрү тендерлерге катышпай калганын кошумчалады. Ал эми уулу болсо тендерлерге жергиликтүү бийлик сурангандыктан «жаман ою жок эле» катышкан.

«Эгер Болот Темировдон качандыр бир кезде мамлекетке жардам берсе, чара көрүү үчүн маалыматтарды алганга даярбыз. Биз кандай адам, кайсы журналист болбосун маалымат алууга даярбыз, дайыма ачыкпыз», — деди Ташиев.

Мындан тышкары, Ташиев Болот Темировго карата кылмыш иштери УКМКнын эмес, башка ведомствонун карамагында экенин белгиледи.

Темировго карата козголгон кылмыш иштер

Учурда Болот Темировго карата жалпы төрт кылмыш иши козголгон: паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңги заттарын даярдоо. Кылмыш иштердин бардыгы Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары мамлекеттик тендерлерге катышып жаткандыгы тууралуу иликтөөлөрүн жарыялагандан кийин козголгон.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий жүйөөлүү» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.

Дагы окуңуз: Temirov Live’дын журналисти кимдир бирөө үйүнүн жанына белгисиз зат таштап кеткенин кабарлады

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Сот Болот Темировдун негизсиз далилдерди жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок

Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат