Next TV каналынын директору Таалай Дүйшөнбиевге дагы бир айып тагылды

Next TV телеканалынын башкы директору Таалай Дүйшөнбиевге дагы бир айып тагылды. Бул тууралуу жактоочусу Тимур Султанов билдирди.

Анын айтымында, Дүйшөнбиев Next TV’нын Инстаграмдагы барагына жарыялаган посту үчүн улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталууда.

Сөз 2022-жылы 3-мартта «Апрель» телеканалына таянып «Кыргызстандын мурдагы, Орусиянын азыркы жарандарын чогултуп, аскердик кызмат өтөөгө келишим түзүүгө көндүрүшкөн» деген пост тууралуу болуп жатат.

Анда укук коргоочу Валентина Чупиктин кыргыз жарандарын келишимдик негизде аскерге барууга үндөп жатышат деген маегинен үзүндүлөр камтылган болчу.

Адвокат тергөө органдары психолого-лингвистикалык экспертиза жүргүзүп, анын жыйынтыгынан кийин айып такканын белгиледи.

«Таалай Дүйшөмбиев адвокаты менен бирге айыптоолор менен макул эмес. Биз бул айыптоолорду мыйзамсыз жана абсурд деп эсептейбиз, — деп баса белгиледи юрист.

Next TV телеканалынын директору УКМКнын кызматкерлери тарабынан 3-мартта кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Next TV соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишим жетишилди деген жалган маалымат тараткан».

Анда «Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин экс-башчысы А. Мусаев Кыргызстан менен Тажикстан жашыруун түрдө Орусияга аскердик колдоо көрсөтүүгө даяргын билдиришти деп айтты» деген аталыштагы материалы тууралуу сөз болгон, материал телеканалдын социалдык тармактардагы барактарына жарыяланган.

Дүйшөнбиевге карата «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтырган.

Андан соң прокуратура соттон Next TV телеканалынын Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин айткандарына таянып жарыялаган материалын экстремисттик деп табууну суранган. Андан тышкары, көзөмөл органынан телеканалдын эфирге чыгуусун токтотуп, материалдарын башка ЖМКларга жарыялоого тыюу салууну суранышкан.

2022-жылдын 24-мартында Бишкек шаардык соту Дүйшөнбиевди камакта калтырган.