Бишкекте окуучу кыз мектептин терезесинен секирип кетип, жамбашы сынды

Бишкекте 9-класстын окуучусу экинчи кабаттын терезесинен секирип кетти. Маалыматты «Клоопко» Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Мэриядан алдын ала маалыматтар боюнча кыз ата-энеси менен болгон чырдан улам секирип кеткен деп билдиришти. Мекеменин маалыматына ылайык, кызматтык иликтөө башталды.

Саламаттык сактоо министрлиги «Клоопко» окуя 14-сентябрь күндүз болгонун билдирди.

Кыз Балдардын шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылды.

«Кыз эсине келди. Жамбаш сөөгүнүн башы жана согончок сөөгү сынган. Акыбалы туруктуу, сүйлөп жатат. Кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп айтышты Саламаттык сактоо министрлигинен.