«Тажрыйба мол»: Орусия кыргыз-тажик чек ара талашын чечүүдө көмөктөшүүгө даяр

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Мария Захарова Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүдө жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Анын билдирүүсү Орусиянын ТИМнин сайтына жарыяланды.

Захарова Орусия кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалган абалга тынчсызданып жатканын айтып, тараптарды абалды саясий-дипломатиялык талаага алып келүүгө чакырды.

«Орусиянын, чек ара такташуудагы, анын ичинде Борбор Азиядагы коңшулары менен чек ара маселесин жөнгө салуудагы бай тажрыйбасын колдонуу менен, тараптарды эки тараптуу, узакка созула турган чечимге келишине жардам берүүгө даярбыз», — деп жазды Захарованын айткандарын ТИМ.

Бул сунуш боюнча Бишкек менен Дүйшөмбү азырынча коомго ачык билдирүү жасай элек.

Захарова бул билдирүүсүн 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кезектеги конфликт чыккан шартта жасады. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, учурда чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу.

Кыргызстан менен Тажикстанга чек ара маселесин жөнгө салууга жардам берүүнү сунуштаган Орусия өзү пикир келишпестиктерди тынч жол менен жөнгө сала албай, жарым жылдан ашык убакыттан бери Украина менен согушуп жатат.