Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматы Төрт-Көчө аймагында көзөмөл жүргүзүүнү макулдашышты

Кыргызстандын Баткен жана Тажикистандын Исфара багыты боюнча Чек ара кызматынын өкүлдөрү Төрт-Көчө аймагында кырдаалга көзөмөл жүргүзүүнү макулдашышты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын райондук бөлүмүнүн өздүк курамы Төрт-Көчө аймагында кайгуул-күзөт иштерин жүргүзөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын Төрт-Көчө аймагындагы заставанын башчылары 19:30да аталган аймакта кайрадан жолугушуу өткөрүшөт.

Ал эми Баткен облусунун жетекчилиги жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү менен тажик тараптын кезекеги жолугушуусу Как-Сай аймагында өтөт деп белгиленди.

Чек ара кызматы кечки саат 18:30га карата Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу деп бааланып жатканын билдирген. Чек ара кызматы учурдагы абал тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Чек арадагы ок атышуу

14-сентябрь эрте менен Баткен районунун Булак-Башы жерлигинде курал колдонуу менен чыр-чатак катталган. Сүйлөшүүлөрдөн соң ок атышуу токтогон болчу.

Бирок Чек ара кызматы саат 14:00дө тажик тарап «Достук» заставасын аткылаганын, ага кыргыз аскерлери жооп кайтарганын билдирди. Саат 14:40ка карата ок атышуу токтогон. Бирок Чек ара кызматы саат 15:08де кайрадан ок атышуу башталганын белгилеген.

Жаңжалдын кесепетинен эки кыргыз аскери жарадар болгон. Миномёттун снарядынан бир чек арачы жеңил жараат алган. Ал эми экинчи жоокердин денесин снаряддын чачырандылары чийип өтүп, ал контузия алган.

Эки жоокерге тең тиешелүү жардам көрсөтүлүп, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылды.

Эки тараптын атайын кызматтары чырга бири-бирин күнөөлөп жатат.

Тараптардын версияларын төмөнкү материалдан окуңуз:

Кыргыз-тажик чек арасы: Сүйлөшүүлөр жүрүп, ок атышуу токтоду