Кыргызстандын ТИМи чек арадагы ок атышуудан улам Тажикстанга нота жөнөттү

16-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңдалдан улам Тажикстанга нааразычылык нотасын жөнөттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

ТИМнен билдиришкендей, нота «тажик тараптын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракети» үчүн берилди. Ведомстводон тажик тарап Баткен жана Лейлек райондорунун жай тургундар жашаган объектилерге аскердик оор техникаларды колдонуу менен чабуул койгонун билдиришти.

ТИМ чек арадагы маселелер дипломатиялык жол менен гана чечилиши керектигин да кошумчалады.

Чек арадагы конфликт

Баткен облусундагы чек арадагы ок атуу 14-сентябрда башталып, 16-сентбрда курчуп кетти. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 16-сентябрь эртең менен тажик тарап чек ара отряддарын жана Эки-Таш, Чыр-Дөбө жана Кум-Кум-Таш аймактарында кыргыз тараптын позицияларын аткылоого киришкен.

Ведомствонун маалыматына ылайык, куралдуу кагылыш кыргыз-тажик чек арасынын бардык жеринде жүрүп жатат. Чек ара кызматы тажик тараптан Тажикстандын чек ара аскерлери деп аталбаган адамдар да активдүү аралашып жатканан баса белгилейт.

«[Алар] жарандарына жана аскер кызматкерлерине карата ар кандай чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган аракеттерди, сабырсыздыктын акыркы чегине жеткирип ар кандай агитацияларды жана идеяларды пропагандалоону жүргүзүп жатышат», — деп айтылат Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.

Ал арада тажик тарап тарап, Кыргызстандын чек арачылары Тажикстандын чек ара заставаларына ок атып жатат деп билдирди.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Лейлек жана Баткен райондорунан калкты коопсуз жайга көчүрүүнү баштады. Учурда 11 кыргыз жараны жарадар болгону жана чек арадагы абал курч экени белгилүү. Тажик тарап каза болгондор же жараат алгандар тууралуу маалымат бере элек.