Транспорт министрлиги: Тажик аскерлери Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырышты

16-сентябрда тажик аскерлери Баткендин Көк-Таш — Аксай — Тамдык унаа жолунун 7-чакырымындагы Ак-Суу дарыясына орнотулган 36 метрлик көпүрөнү жардырып жиберишти. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, чек арага жакын Кызыл-Бел — Достук жана Эски-Оочу — Максат унаа жолдорунда транспорт министрлигине караштуу бирден жүктөгүч техника, жеңил автоунаа, экскаватор жана бульдозер калган.

Басма сөз кызматынан учурда чек арадагы кырдаалга байланыштуу кароосуз калган техниканы алып кетүүгө мүмкүн эместигин белгилешти.

УКМКнын Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 18-сентябрга караган түн тынч өткөнүн билдирген. Бирок саат 08:30га карата чек аранын Баткен облусундагы жана Оштун Чоң-Алай районундагы тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турат.

Саламаттык сактоо министрлигинин саат 10:00 карата маалыматына ылайык, чек арадагы атышуунун кесепетинен 36 киши каза болду.

Ал эми чек-арадагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен Баткен облусунан жалпы 136 миң 770 адам коопсуз аймакка эвакуацияланган.

Мындан тышкары дагы 5301 киши Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан коопсуз жайга чыгып кетти.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасы: Каза болгондордун саны 36 адамга жетти, 129 адам жарадар болду