Кыргыз-тажик чек арасы: Каза болгондордун саны 36 адамга жетти, 129 адам жарадар болду

УКМКнын Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 18-сентябрга караган түн тынч өткөнүн билдирди. Бирок саат 08:30га карата чек аранын Баткен облусундагы жана Оштун Чоң-Алай районундагы тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турат.

Саламаттык сактоо министрлигинин саат 10:00 карата маалыматына ылайык, чек арадагы атышуунун кесепетинен 36 киши каза болду. Маркумдардын сөөгү Бишкектеги өлүкканага жеткирилип жатат.

Ал эми атышуунун кесепетинен жарадар болгондордун саны 129 адамга жетти. Алардын 79у Бишкек шаарына алынып келинди. Ал эми 39у Баткен облусундагы, төртөө Ош облусундагы бейтапканаларда, жети адам үй шартында дарыланууда.

Чек-арадагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен Баткен облусунан жалпы 136 миң 770 адам коопсуз аймакка эвакуацияланды.

Мындан тышкары дагы 5301 киши Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан коопсуз жайга чыгып кетти.

Чек арадагы атышуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Анда, кыргыз Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Баткен облусунун үч аймагында Кыргызстан тарапка ок атылган.

15-сентябрь күнү Чек ара кызматынан кыргыз-тажик чек арасындагы абал «салыштырмалуу туруктуу» деп мүнөздөлүп жатканын, ал эми түн тынч өткөнүн билдиришкен.

Бирок 16-сентябрда Чек ара кызматы тажик тарап чек аранын бардык аймактарындагы аскердик жана жарандык объектилерге кол салганын айткан. Тажик тарап оор аскердик техникаларды колдонгону белгиленген. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууну көздөп жатканын билдирген.

Баткен районундагы чек арага чектеш айылдардын жашоочулары үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга чыгып кетишкен.

Ал арада активисттер Бишкектеги Ак үйдүн алдына митинг уюштурушту. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарында Баткен элин колдоо максатында гуманитардык жардам чогултуучу жайлар ачылды.

Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтары куралдуу кагылышууга бири-бирин күнөөлөп жатат.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасында эмне болуп жатат? Хронология