Садыр Жапаров элди интернеттеги «чагымчыл маалыматтарга» ишенбөөгө чакырды

19-сентябрда президент Садыр Жапаров Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга байланыштуу элге кайрылуу жасады. Ал интернетте чагымчыл сөздөр жаңырып жатканын белгилеп, элди аларга ишенбөөгө үндөдү.

Жапаров тургундарга «жүзү кара чагымчылдардын тилине кирип, стратегиялык өнөктөш, дос өлкөлөрдүн, бизге тилектеш элдердин дарегине жөн жерден жалаа жаап албайлы» деп эскертти.

«Мындай чыр-чатактын чекесин кыйытып, элдин аң-сезимин бурмалоого багытталган кеп-сөздөр белгилүү бир максатта – меймандос элибиздин карым-катышта болуп, кызматташып келе жаткан өлкөлөр менен болгон мамилесин суутуп, алардын ортосуна от жагууга багытталганын эсибизден чыгарбашыбыз кажет!» — деди ал.

Ошондой эле президент чек арадагы кырдаал боюнча «бир гана расмий органдар тараткан маалыматтарга гана ишениңиздер» деп белгиледи. Анын айтымында, учурда «чек ара коопсуздугу, маалымат коопсуздугу — баары тыкыр көзөмөлдө».

Аны менен катар, Жапаров жалпы элден «биримдик менен мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин колдоп берүүнү» суранды.

«Дагы бир айта кетүүчү жагдай, Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар, сабыр кылыңыздар. Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр. Кудайга шүгүр, армиябыздагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар, жетиштүү», — деди ал.

Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, алардын артында калган үй-бүлөсүнүн, балдарынын «келечегин мамлекет мойнубузга алабыз» деп сөз берди.

Куралдуу жаңжалдын кесепеттери

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган куралдуу жаңжалдан каза тапкан кыргызстандыктардын саны учурда 59га жетти. Ал эми жарадар болгондордун саны 19-сентябрга карата 163 кишини түздү.

Кыргыз бийлиги бул окуяны «агрессия» жана Тажикстан тараптан «кол салуу» деп атады. Ал эми тажик тарап өз кезегинде Кыргызстанды «жаңжалды эскалациялоого жана куралдуу агрессияга» айыптап жатат.

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, Баткен облусунун кооптуу аймактарынан 136 миңден ашык адам, ал эми Ош облусунан 5 301 киши эвакуацияланды.

Кыргызстанда 19-сентябрь — улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.