Кыйноолорго каршы улуттук борбор: Ырыс Жекшеналиевдин ден соолугу солгундап кетти

ТИЗО-1де кармалып турган активист Ырыс Жекшеналиевдин ден соолугу солгундап кетти. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борбордун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жекшеналиев борбордун кызматкерлери менен жолугушууда, акыркы сурактардын биринде кан басымы көтөрүлүп кеткенин айтып берген.

Анын айтымында, ал күнү сурак токтотулуп, медиктердин кароосунан өткөн.

Мекеменин басма сөз кызматынан Жекшеналиевге магниттик-резонанстык томография жасалганын кошумчалашты. Буга блогердин кармалганга чейин баш мээсине жаракат алганы себеп болгон. Андан тышкары, активисттин бел омурткасы ооруп жүргөнү, ал эми жүрөк-кан тамыр оорусун тез арада дарылоого муктаж экени айтылды.

«Жекшеналиевден ТИЗОнун жана ИИМдин кызматкерлеринин катаал мамилеси же кыйноого алышы тууралу арыз түшкөн жок», — деп баса белгилешти Кыйноолорго каршы борбордон.

Активисттин кармалышы

19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

16-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен блогер ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев активист Ырыс Жекшеналиевдин постунда бийликтин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө чакырыктары жана массалык башаламандык жок деп белгилеген.

Бекешев 20-августта кармалган блогердин жакындары менен жолугушканын айткан. Эл өкүлү укук коргоочулар жаш балага терорристтей мамиле кылып жатат деп айткан. Депутаттын айтымында, активисттин үйүнө тинтүү жасалып апасынын ноутбугу менен сим-картасы алынган.