Ал жөн гана видеону бөлүшкөн. Бекешев активист Жекшеналиевди колдоо пикирин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 7-сентябрда парламенттин жыйынында соцтүйүндөгү пост үчүн камакка алынган активист Ырыс Жекшеналиев боюнча пикирин билдирди.

Бекешев президенттин жана минкабдын Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, кармалган активист тууралуу Садыр Жапаровго маалымат берүүсүн суранды.

Эл өкүлү милиция эч нерсени текшербей туруп эле блогерди кармап кеткенин билдирди.

«Жекшеналиевге жөн гана видеону бөлүшкөнү үчүн оор берене тагып жатышат. Бийликти басып алууга чакырган деп жатышыптыр. Кантип 19 жаштагы жигит бийликти басып алууга чакырмак эле? Бул айып туура эмес», — дейт эл өкүлү.

Бекешев активист окуп, тынч жашагысы келерин белгиледи.Бекешев активистке буга чейин дагы болушкан. Мурдараак депутат активисттин постторунан бийликтин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктарды таппаганын билдирген. Парламентарий Жекшеналиевди коё берүүнү суранган.

Активисттин кармалышы

19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

16-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен блогер ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Ал эми 2-сентябрда шаардык сот коргоочу тараптын биринчи инстанциянын чечимине карата аппеляциялык арызын карап, активистти камакта калтырууну чечкен.

Шаардык соттун жыйынында Жекшеналиев судьяга кайрылып, бошотууну суранган.

«Менин ишимде кылмыштын курамы жок. Мени окууга коё бергиле. Мен видеонун эски экенин билген эмесмин, анткени алар мага жөнөткөн видеонун шилтемеси жаңы, бир нече саат мурун жарыяланган. Эч кандай монтаж болгон эмес видео. Окушум керек. Апам жалгыз жашайт, кыш келе жатат, баарын өзү көтөрбөйт. Мен тынч окуйм, эч кимге тоскоолдук кылбайм», — деп өтүнгөн активист, бирок сот өтүнүчкө канааттанбай койгон.

Дагы окуңуз:

Бир кадр менен: Активист Жекшеналиевдин апасы уулун алып бараткан унаанын жолун тосту

Камактагы активист Ырыс Жекшеналиевдин бөлмөсү тинтүүгө алынганы айтылды