«Агрессияны токтот». Германия жана Чехияда жашаган кыргызстандыктар согушка каршы акцияга чыгышты

24-сентябрда Германиянын Көлн, Франкфурт шаарында жана Чехиянын Прага шаарында жашаган кыргызстандыктар тынчтык митингине чыгышты. Алар Баткендеги чек ара жаңжалына жана анын кесепеттерине тажик бийлигин күнөөлөштү.

Көл шаарына Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия аймагында жашаган кыргызстандыктар барып, акцияга чыгышкан. Аны «Мурас» маданий коомдук бирикмеси уюштуруп, ага 30дан ашуун мекендеш катышкан.

Ал эми ушул эле мамлекеттин Франкфурт шаарында да 100дөн ашуун кыргызстандык Баткендеги каргашалуу окуяга тажик бийлигин айыптап, тынчтыкка чакырган жүрүшкө чыккан.

Акцияга чыккандар Кыргызстанга тынчтык каалай турганын белгилеп, курман болгондордун элеси түбөлүк сакталаарын айтышты.

Акция. Сүрөт: Александр Титова.

Ушундай эле акция Чехиянын Прага шаарында дагы өтүп, ага 30дан ашуун мекендештер катышты.

Алар «Биз тынчтык үчүн», «Рахмон токто», «Агрессияны токтот», «Баткен — бул Кыргызстан» деген жана башка көптөгөн ураандарды айтышты. Ошондой эле «Согушка жол жок!», «Баткен, биз сени менен!» деген плакаттарды көтөрүп турушту.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап эскалацияга Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 62 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.