Равшанбек Сабиров өз каалоосу менен кызматынан кетти

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу 26-сентябрда президенттин администрациясынан билдиришти

Маалыматка караганда, Сабировдун ордуна Умбриэль Темиралиев келди. Жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.

Равшанбек Сабиров

Президент Садыр Жапаров 11-мартта «Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлыкка ылайык, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түзүлүп, аны «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты болгон Равшанбек Сабиров жетектеген.

Сабиров 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев негиздеген «Мекенчил» партиясы менен катышкан. Ал эми бийлик алмашкандан кийин Сабиров вице-премьер-министр, кийинчерээк президенттин кеңешчиси болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түздү — аны Равшан Сабиров жетектейт