Президент Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түздү — аны Равшан Сабиров жетектейт

Равшан Сабиров

Президент Садыр Жапаров 11-мартта «Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түзүлүп, аны Равшан Сабиров жетектейт. Сабиров «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты.

Сабиров 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев негиздеген «Мекенчил» партиясы менен катышкан. Ал эми бийлик алмашкандан кийин Сабиров вице-премьер-министр, кийинчерээк президенттин кеңешчиси болгон.

Улуттук агенттик бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууга жооптуу болот. Ошондой эле агенттик чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдар менен кызматташат.

Жаңы мекеме 2017-жылы түзүлгөн KADI Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттиктин базасында түзүлдү.

2021-жылы алтынчы чакырылыштын депутаттары Искендер Гайпкулов жана Нурбек Сыдыгалиев өкмөткө караштуу агенттикти президенттин карамагына өткөрүүнү сунушташкан. Депутаттар агенттик «күтүлгөн жыйынтыктарга жетишке жок жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу боюнча чечкиндүү, зарыл чараларды көрө алган жок» деген пикирин айтышкан.

Гайпкулов менен Сыдыгалиевдин сунушуна окшош мамлекеттик орган Кыргызстанда буга чейин болгон. 2009-жылы республиканын мурдагы президенти Курманбек Бакиев президенттик аппаратты жоюп, анын базасында бир нече жаңы түзүмдөрдү, анын ичинде Өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти (ЦАРИИ) түптөгөн. ЦАРИИни президенттин уулу Максим Бакиев башкарган.

Ведомство «экономиканын түзүмүн кайра куруу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу, ишкерликти жана бизнести коргоо, социалдык жана технологиялык прогрессти, аймактардын мүмкүнчүлүгүн жана ресурстарды көбөйтүүнү эске алуу менен инвестиция тартуу» менен алектенет деп болжолдонгон.

Мындан тышкары, ЦАРИИ «жалпы координацияны жүргүзүп, өнүктүрүү бюджетин даярдап, улуттук экономикалык программаларды, улуттук инфраструктуралык долбоолорду, инвестициялык программаларды жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышы» керек болчу.

2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттүн декрети менен ЦАРИИ жоюлган, бирок андагы кызматкерлердин көбү саясатта калган.