Бекешев: Бишкектин 11-кичи районунда убадаланган унаа туругунун ордуна шарты жок үйлөр курулат

Бишкектин 11-кичи районундагы жер тилкелери Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) өткөрүлдү. Бул тууралуу 26-сентябрда Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында белгилүү болду.Аталган кичи райондогу жер тилкелеринен буга чейин гараж кооперативдери алынган болчу.

Депутат Дастан Бекешев бул жерге Бишкек мэриясы көп кабаттуу унаа токтотуучу жай салынат деп ишендиргенин, бирок учурда ал жерге инфраструктурасы эске алынбай туруп, үй курууну көздөп жатышканын айтты.

«Ал жерде мектеп, бала бакча болушу керек. Балдар кайда барып окушат? Мектептер жетишпей жатса. Гараждар качан алынды? Анан бул жерде унаа токтотуучу жай болот деп жатпадыңар беле. Жарандарга ушуну айттыңарбы? Силер Робин Гудсуңар го, бирөөнөн тартып алып экинчисине бергендей. Бул жерде сот иштери дагы деле жүрүп жатабы? Митингге чыккандын баары макул болдубу? Аларды кантип көндүрдүңөр? Митингде 500гө жакын адам бар болчу ээ», — деп суроо салды депутат Президенттин иш башкармалыгынын өкүлдөрүнө.

Президенттин Иш башкармалыгын өкүлү митингге чыккандар макул болушканын, ал эми келишим башында эле туура эмес түзүлгөн деп жооп берди. Бирок башкармалыктын өкүлү ал жерге канча үй салынат деген суроого жооп бере алган жок.

«Инраструктура толук эске алынган. Ал жерде жер чоң. Бардык социалдык объектилер болот. Башкы план болсо керек. Мунун баары болсо керек», — деп жооп берди ал.

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева жалпы аянты 7,5 жана 2,3 гектарды түзгөн жерлерди Президенттин иш башкармалыгы минкабдын буйругу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп бергенин айтты. Андан ары жерди Мамлекетттик мүлктү башкаруу фонду МИКке өткөрүп берген.

Талкуунун аягында комитеттин мүчөлөрү аталган маселени жыйынга МИКтин башчысы келгенге чейин жылдыра турууну чечишти.

11-кичи райондогу гараждарды алдыруу

2022-жылдын мартында муниципалдык атайын техника Бишкектин 11-кичи районундагы гараждарды сүрдүрө баштаган. Анда гараждын ээлери буга каршы чыгып, мэриянын кызматкерлеринин аракетине тоскоолдук кылууга аракет кылышкан, бирок жерине милиция кызматкерлери келип, гараж ээлерин артка чегинтишкен.

Анда мэриядан «Клоопко» гараж кооперативи Бишкек шаарынын Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында каттоодон өтпөгөнүн айтышкан. Ошондой эле, алардын айтымында, гараж кооперативинин Жер ресурстары башкармалыгында ижара келишими жок.

Ошондуктан, мэриядан Бишкектин Райондор аралык соту гараж кооперативин уюштуруу чечимин жараксыз деп таап, аталган жерлерди муниципалитетке кайтарганын белгилешкен.

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 30-марттагы пленардык жыйынында Иш башкармалык 11-кичи райондогу гараж кооперативин жоюуга кызыктар экенин укканын айткан.

Бирок кийин Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров 11-кичи райондогу гараждардын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай салуу пландалып жатканын билдирген.