Ким агрессор? Мадумаров чек арадагы жаңжал тууралуу жашырбай айтууга чакырды

Депутат Адахан Мадумаров бийлик Тажикстан тараптан агрессия болгонбу-жокпу чече албай жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында айтты.

Буга чейин депутат Султанбай Айжигитов Тажикстан менен чек арада абал курчуп кетиши мүмкүндүгүн билдирген болчу.«Жаап жашыра турган эч нерсе жок. Бүт эле бардыгы ачык болуп жатпайбы прессага. Биздин Ворух анклавына жакын аймакта стратегиялык өтө маанилүү объектилер бар. […] Эгер ушул жердеги тилкени алдырып коюп, контролду жоготуп коё турган болсок, Баткен облусунун жарымы анклав болот дагы жарымын жоготуп алабыз. Ачык эеле аймактык жоготуу болот», — деди ал.

«Жашыруун маалыматтар барбы?» – деп сөзүн болдү төрага Талант Мамытов.

«Жок, бул жашыруун эмес. Мен бул жерде Тажикстандын ачык агрессиясын айткым келет. Муну бүт дүйнө билиши керек», — деп жооп берди Айжигитов.

Адахан Мадумаров кесиптешин колдоп, Баткен тууралуу маалымат ачык болушу керек деди.

«Жашыруун эч кандай сыр жок. [...] Титиребестен, коркпостон [айтылышы керек]. Бул маселелер керек болсо өтө чоң, жогорку трибуналарда айтылды. Бирок айтылганы менен кыргыз бтийлигиг ортосунда эки ажырымды пайда кылды. Бирөө айтат агрессор дейт, бирөөө эч кандай агрессия болгон эмес дейт. Мына ошол азаматтар өздөрү тактап алсын биринчи маселени», — деди депутат.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.