Жалал-Абад: Активист Түмөнбай Абдуллаев Фейсбуктагы публикациясы үчүн сурак берди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда активист Түмөнбай Абдуллаевди суракка алып кетишти. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Орозайым Нарматова билдирди.

Нарматова активисттин суракка чакырылганын анын «эки достун» [президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин] бийлигин сындап келгени менен түшүндүрдү.

«Жаштардын оозун жапмай, суракка чакырмай, коркутмай-үркүтмөй башталды. Кемпир-Абад маселесин көтөрүп жүргөн жигиттердин артынан аңдышууда. Ушунун баары бизге керекпи? Чек араны ушинтип кайтарышса жарашпайт беле? Эл калыс болуңуздар сураныч!» — деди ал.

Милиция эмне дейт?

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз катчысы Нурдинбек Жээнтаев «Клоопко» Абдуллаевдин суракка чакырылганын тастыктады.

Анын айтымында, активист Фейсбук барагында «жеке адамдын намысына шек келтирген, уят сөздөр камтылган публикация» жарыялаганы үчүн суракка алынды.

«Бирок текшерүү иштери учурунда, Абдуллаев бул публикацияны ачуусу келип турганда туура эмес жазып, катачылыкка жол бергенин айтып, кайра жазгандарын өчүрүп койгонун билдирди», — деп белгиледи ал.

Жээнтаев активистке карата эч кандай иш козголбогонун белгилеп, тактоо үчүн гана чакырылганын кошумчалады.

Түмөнбай Абдуллаев Жалал-Абад облусунун активисти катары белгилүү. Ошондой эле ал «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын жетекчиси Адахан Мадумаровдун тарапташы.

Абдуллаев Фейсбук барагында президент Садыр Жапаровдун бийлигин сындап келген. Ал постторунда Кемпир-Абад суу сактагычы, Кумтөр кени боюнча маселелерди дагы көтөргөн.

Кемпир-Абад чуусу, элдин нааразычылыгы

Өткөн жылдын март айында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Кайтып келгенден кийин Ташиев Өзгөн районунда жергиликтүү эл менен жолугушкан. Анда ал Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 100 гектар жерди сураганын айтып, бирок Кыргызстан 50 гектарын берүүгө макулдашылганын билдирген.

Мындан сырткары, Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы Өзбекстанга алмашыла турганын белгилеген. Ал бул чечимди «туура» деп айтып, суунун деңгээли түшкөндөн кийин жергиликтүү турак жайларды «суу каптабай калат» деген.

Бирок Кара-Суунун Ынтымак айылынын тургундары жер стратегиялык мааниге ээ экенин айтышып, аны берүүгө каршы болушкан, Кемпир-Абаддын жанына боз үй тигип, Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан.

19-апрелде Ташиев тургундар менен жолугуп, «эң пайдалуу келишим түзүлдү» деп айткан. Ошондой эле протокол кабыл алынса «чек арада чыр-чатак болбойт» деп ишендирген.

Атайын кызматтын башчысы нааразычылык акциясын уюштургандарды «чагымчылдар» деп аткап, ал тургай алардын аты-жөнүн билерин айткан.

УКМКнын төрагасы жолугушууда тургундардын нааразычылыгынан улам Өзбекстанга барып протоколду кайрадан каратып, 50 гектардын ордуна 20 гектар жерди алмашууга аракет кыларын убада кылган.

Ал эми 25-апрелде Камчыбек Ташиев Өзгөн районунда Оштун тургандары менен жолугушкан. Жолугушууга ар башка аймактан жүздөгөн адам катышып, суу сактагычтын плотинасын жана анын айланасындагы жерди Өзбекстанга бербөөнү талап кылышкан. Наарызчылыкардын шартында Ташиев «Кемпир-Абадды бербейбиз» деп ишендирген.

Тема боюнча:

«Кайсыл жерде иштеримди билесиңер». Кемпир-Абад маселеси боюнча жолугушуу кандай өттү?

Ташиев: «Кемпир-Абадды» бербейбиз дедиңерби, бербейбиз, болду!