«“Любоюнун” тилин жулуп аламын». Ташиев Өзгөндө эл менен жолукканда эскертүү берди

Сүрөт: Эркин Салиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөн районундагы Куршаб айыл аймагында «Кемпир-Абад» суу сактагычы боюнча эл менен жолугушуп, тургундардын бири менен кайым айтыша кетти.

Жолугушуу башталгандан көп өтпөй жергиликтүү тургун Өзгөн районундагы «Кемпир-Абадга» караштуу жерлер Өзбекстан менен алмашыла турганына нааразы болгон. Ошондой эле, ал мындан улам «сизди эч ким колдогусу келбей калды» деген пикирин билдирген.

«“Өзгөн жерин берип коёбуз” дегениңиз туура эмес болуп калды. Бул Кыргызстандын жери, биздин ата-бабаларыбыздан калган жер. Так ушул Өзгөндө биз чоңойгонбуз. Биздин жерлерибизди кантип берип жибере бересиз ар кимге? Биз андай бере албайбыз. Өзүбүздүн элибизге жер жетпей жатат. Өзүбүздүн элибизге жер жетсе мейли сиз бере бериңиз. Атаңызга, апаңызга же башкаңызга үлүш...», — дегенде Ташиев анын колунан микрофонду жулуп алып, «ата-апама асылбай сүйлө!» деп жооп кайтарган.

Ал эми тургун Ташиевдин ата-энесине асылбаганын айтып, аларга «үлүш болуп тийген жерлер болсо, ошону бериңиз» деген мааниде айтканын белгилеген. Бирок Ташиевди коштоп келген кишилер тургунду түрткүлөп, Ташиев трибуна тарапка барып сөзүн уланткан.

«Менин атама-апама асылбагыла! Атама-апама асылганды мына бул жерде көрдүм. Таятамдан, чоң-атамдан бери асылып жатат. Аларга асылбагыла. Менин атама асылгандын “любоюнун” тилин жулуп аламын. Менин ата-апама асылгандын “любоюнун” тилин жулуп аламын. Асылбагыла менин апама!», — деди Ташиев трибунадан.

Ошондой эле ал чогулгандардын арасында 20-30 «негатив балдар» бар экенин белгиледи. Бирок жолугушууга келгендер Ташиевдин ата-энесине асылбаганын айтышып, олтурган жерлеринен кыйкырышкан.

Мадумаровдун билдирүүсү

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Өзбекстан менен болгон жер алмашуу саясатыны кескин сындаган. Мадумаров «Кемпир-Абад» суу сактагычы Кыргызстанга караштуу болуп келгенин жана бул боюнча буга чейин талаш-тартыш жараткан маселе болгон эмес деди.

«Силер чоң атаңардын же таятаңардын короосун бөлүп жаткан жоксуңар. “Момунчасын ала бергиле, мынчасы калса болду” дегендей. Кыргызстандын жер байлыгынын, жер астындагы байлыгынын, бүтүндөй токой-суулардын ээси жападан-жалгыз Кыргызстандын эли», — деп айткан Мадумаров.

Ошоной эле Мадумаров УКМКнын төрагасы «коё тургула, мен Ташкенттен барып сурай келейин деген сөзү эгемендүүлүккө каттуу сокку урду» деп баалаган. «Бүтүн Кыргызстандын» лидери бул маселе Ташкентте эмес, жергиликтүү айыл өкмөттөрдө чечилүүсү керек деген пикирди билдирген.

Өзгөндөгү жолугушууда Ташиев 10-майда Ош шаарына Өзбекстандан чек ара маселеси боюнча делегация келерин, сүйлөшүүлөр ошол күнү уланаарын кошумчалаган.

Бир апта мурун Камчыбек Ташиев Ынтымак айылынын тургундары менен жолугушуп Өзбекстанга «Кемпир-Абаддын» жээгинен 50 гектар эмес, 20 гектар жер алмашууга сунуштай турганын убадалаган. Ал бул үчүн Ташкентке барып келерин айткан.

«Мына бул вышка турган жерлер да биздики. Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (Өзбекстан — ред.) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтып көрөйүн. Буларга 20 гектар плотинанын коопсуздугу үчүн керек. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? “20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла” дейин. Бул үчүн тигил жакка барып, сүйлөшүп, жалпы протокол бузулуп кетпешин аракет кылайын. Бул 20 гектардын ордуна башка жерден алабыз. Тосулган жер алмашат. Мен ушуга аракет кылайын. Калганын анан Алла талаанын буйруганын көрөбүз», — деген Ташиев.

ТЕМА БОЮНЧА:

Камчыбек Ташиев: Кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайызга чечилди

«Кайсыл жерде иштеримди билесиңер». Кемпир-Абад маселеси боюнча жолугушуу кандай өттү?