Байсалов тышкы күчтөр бар экенин айтып, «президентти колдоого жана мамлекетке баш ийүүгө» чакырды

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутат Мирлан Самыйкожого жооп берди.

Күн мурун депутат атайын кызматтын кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурундагы ишин сынга алып, «[бийликтин] шалаакылыгынан жана кайдыгерлигинен улам Баткенде адамдар каза болгонун» белгилеген. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, Баткендеги окуяга ким жооп берерин сураган.

Байсалов Фейсбуктагы барагы аркылуу Кыргызстанды туруксуздаштырууга аракет кылып жаткан айрым тышкы күчтөр бар экенин айтты.

«Урматтуу депутат жана эл жакшылары, душмандын максатына жол бербейли. Сиз бүгүнкү чек арада болгон кырдаалды бирөөнүн “шалаакылыгы, кайдыгерлиги” деп баамдооңуз негизинен туура эмес. Мекенибиз, тарыхыбыз, тагдырыбыз, азыркы абалыбыз — бул бирөөнүн күнөөсү деп кантип айтабыз?» — деп кайрылды Байсалов эл өкүлүнө.

Мындан тышкары, Байсалов учурда «президентти колдоп, мамлекетке баш ийип», ошондой эле «эмоцияларды жабык эшик артында калтырып, душманга таба болбой, ачыкка чыгарбоо» керектигин кошумчалады.

«Саясий жана тарыхый жоопкерчилик ошондо!» — деп белгиледи чиновник «эл эми бийлик жерди сатты деген кандайдыр бир популисттерди, ички душмандарды кечирбесин» кошумчап.

Муну менен бирге Байсалов Самыйкожонун айткандары Кыргызстандагы демократиянын деңгээлин көрсөтүп турарын дагы баса белгиледи.

«Мамлекет жетекчилиги коңшу менен ар кандай конфликтти сүйлөшүү жолу менен чечкенге кызыктар жана аракет кылууда. Болбосо чек ара коргоп жан берген уулдарыбыздын уучу куру эмес. Бирок согуш жолу Кыргызстанды гана эмес, жалпы регионду дестабилизацияга алып келип, миндеген курмандыктарга себеп болот», — дейт минкабдын төрагасынын орун басары.

Байсалов эң эле маанилүү чек ара маселелери боюнча акыркы сөздү айта турган бийликтин бутагы парламент экенин дагы кошумчалады.

«Кыргыз-тажик чек арасы боюнча дагы, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча дагы ратификацияны парламент кылат. Бул маселелерге келгенде тарыхый жоопкерчиликти сезе билүү бул азыркы бийлик бутактарына бирдей түшкөн патриоттук милдет», — деп Байсалов сөзүн жыйынтыктады.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.