Баткенде тажик аскерлери жардырган Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнүн жанына убактылуу альтернативдик көпүрө курулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Табаалды Тиллаев билдирди.
Анын айтымында, убактылуу курулган көпүрө темирден жасалган, жеңил жана жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө туруштук берет.
«Бүгүндөн баштап, бузулган 36 метрлик көпүрөнүн курулуш иштери башталат. Курулушту эки айга чейин деп атабыз. Кайсыл жерде турса ошол жерге эле курулат», — деди ал.
Тиллаев көпүрөнү «Кыргыз автожол» мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө башкармалыгы курарын айтты.
Буга чейин 16-сентябрда тажик аскерлери Баткендин Көк-Таш — Аксай — Тамдык унаа жолунун 7-чакырымындагы Ак-Суу дарыясындагы көпүрөнү жардырып жиберишкен.
Транспорт министрлигинен көпүрө адамдарды эвакуациялоо жана гумжардамды ташуу үчүн колдонулуп келгенин айтышкан. Көп өтпөй министрлик бузулган көпүрөгө шагыл төгүп, убактылуу оңдогон болчу.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал
14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Атышуу болгон аймактан 140 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, коопсуз аймакка качкан.
Атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.
Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.
Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак жай талкаланган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.
20-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.
Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган. Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.