Ташиев: Кыргыз-тажик чек арасындагы сегиз чек ара бекети алынмай болду

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жалпы сегиз чек ара бекети алына турганын билдирди. Бул тууралуу ал 25-сентябрда эки тараптуу жолугушуудан соң журналисттерге маек берип жатканда айтты.

Ташиевдин айтымында, ал Тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен чек арадагы жаңжалды жана анын кесепеттерин токтотуу боюнча протоколго кол койду. Протоколдун негизинде эки өлкөдөн төрттөн пост толугу менен жоюлмай болду.

«Эң негизги маселе, ар дайым согушка алып келген чоң негизги постторду алып салдык. Тажикстан тараптан “Бедак”, “Кех”, “Карачикум”, “Шаршене” заставасы алар дагы толук алына турган болду. Ал эми Кыргызстан тараптан “Тамдык”, “Булак-Башы”, “Катта-Туз”, “Дача” посттору алынат. Ошол жерлерде бир дагы аскер кызматкери жана жөнөкөй жарандар болбой турган, ал жерге эч ким чыкпай турган болду», — деди ал.

Ошондой эле, ал кол коюлган протоколдун негизинде жергиликтүү бийлик органдарына жана күч түзүмдөрүнө бир нече тапшырмалар коюлганын айтып, аны өздөрү көзөмөлгө алып турарын белгиледи.

УКМК төрагасынын айтымында, мындан сырткары мамлекеттик делимитация, демаркация комиссияларынын ишин тездетип, тез аранын ичинде комиссиялар чогулуп, чек ара маселесин чечүү боюнча дагы сүйлөшүү болгон.

Ошондой эле, ал кыргыз тарап протоколдо жазылган бардык пункттарга так жана аны өз убагында аткарат деп айтып, тажик тараптан дагы ушуну талап кыларын баса белгиледи.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга» жана «аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 62 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.

Тема боюнча:

Баткен: «Кызыл-Бел» өткөрмө жайында эки тараптуу жолугушуу өтүп жатат

«Агрессияны токтот». Германия жана Чехияда жашаган кыргызстандыктар согушка каршы акцияга чыгышты

Кыргыз-тажик чек арасында каза болгон кыргызстандыктардын саны 62ге жетти