Бир кадр менен: Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Манаслу чокусуна чыгышты

1-октябрда кыргызстандык альпинисттер алгачкы жолу Гималайдагы деңиз денгээлинен 8 156 метр бийиктиктеги Манаслу чокусуна чыгышты. Бул тууралуу экстремалдык экспедиция боюнча иш алып барган Seven Summit Treks компаниясы бидирди.

«Бүгүн, таңкы саат 8:00дө Кыргызстандан келген алгачкы команда чокуга чыкты. Экспедициянын бардык мүчөлөрүн жана чакырылган катышуучуларды куттуктайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде кыргызстандык альпинисттер алгачкы жолу Гималай тоолоруна экспедиция уюштурууну көздөп жатышканын белгилешкен.

Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Непал бийлиги альпинисттердин бул демилгесин жактырганын айткан.

Экспедициянын курамы жети кишиден түзүлгөн. Сергей Селивёрстов команданын капитаны, Кадыракун Нурмаматов «Манаслу 2022» долбоорунун жетекчиси болгон.

Аталган топко альпинисттер: Эдуард Кубатов, Андрей Ерохин, Асел Байбагышева, Илим Карыпбеков жана Азизбек Оморкулов кирген.

Манаслу — Гималай тоолорунда орун алган. Ал Непалдын түндүк-борбордук бөлүгүндө жайгашкан Мансири-Гимал тоо кыркаларына кирет.

Тема боюнча:

Бир кадр менен: Эдуард Кубатов кыргыз туусун Хан-Теңири чокусуна алып чыкты