Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан классикалык алыш бел боо күрөшү боюнча биринчи орунду ээледи

Кыргызстан Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш бел боо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча командалык эсепте биринчи орунду ээледи.

Кыргыз балбандары алыш бел боо күрөшү боюнча жалпы 19 медалга ээ болду — 10у алыштын эркин түрү, 9у классыкалык түрү боюнча.

Маалыматка ылайык, алыш күрөшүнүн классикалык түрү боюнча беттеш өткөргөн балбандар төрт алтын, эки күмүш жана үч коло медаль жеңди.

Ал эми алыштын эркин түрү боюнча күч сынашкан балбандар Кыргызстандын куржунун беш алтын, эки күмүш жана үч коло медаль менен толукташты:

  • Алтын — Элзада Момунжанова кыздар арасында 55 килограмм салмакта беттешти.
  • Алтын — Нурзада Мыктыбек кызы 65 килограмм салмакта күч сынашты.
  • Алтын — Нурзат Бактыяр кызы 70 килограмм салмакта күч сынашты.
  • Алтын — Нагира Сарбашева эң жогорку 75 килограмм салмакта беттеш өткөрдү.
  • Алтын — Калысбек Каимов эркектер арасында 60 килограмм салмакта таймашты.
  • Күмүш — Азизхан Мусабек уулу эркектер арасында 80 килограмм салмакта беттешти.
  • Күмүш — Кадыр Келсинбеков 100 килограмм салмакта күч сынашты.
  • Коло — Касымбек Анарбаев 70 килограмм салмакта таймашты.
  • Коло — Нурсултан Бочонов 90 килограмм салмакта беттешти.
  • Коло — Исламбек Алик уулу 100 килограмм салмакта күч сынашты.

Буга чейин көчмөндөр оюндарында кыргыз спортчулары таяк тарыш боюнча алты медаль утушкан. Ошондой эле Кыргызстан жаа атуу боюнча эркектер арасындагы командалык мелдеште биринчи орунга чыккан.

Мындан сырткары, кыргыз спортчулары капышмалы аба күрөшү боюнча төрт медалга ээ болушкан.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда 2-октябрга чейин болот. Бул жолку оюндар «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураан менен өтүп жатат.

Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышууда. Ал эми Кыргызстандын атынан 148 спортчу барды, алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.