Кыргызстандык спортчулар Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун таяк тарыш түрү боюнча үч алтын, бир күмүш жана эки коло байге жеңишти.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2022/10/309438777_410594624565633_5430923803750987262_n.jpg)
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2022/10/309376597_410594677898961_3852427366972920064_n.jpg)
Таяк тартыш боюнча байгелүү орунга татыган кыргыз спортчулары:
- Алтын — Азамат Асанов эркектер арасында 70 килограмм салмакта беттешти.
- Алтын — Келдибек Атайбек уулу эркектер арасында 110 килограмм салмакта күч сынашты.
- Алтын — Дилбара Иманканова айымдар арасында 75 килограммга чейинки салмакта таймашты.
- Күмүш — Назия Майлибашева айымдар арасында 75 килограмм салмакта беттеш өткөрдү.
- Коло — Бакдөөлөт Абылов 80 килограмм салмакта таймашка чыкты.
- Коло — Улукбек Ырыспаев 110 килограмм салмакта күч сынашты.
Буга чейин көчмөндөр оюндарында Кыргызстан жаа атуу боюнча эркектер арасындагы командалык мелдеште биринчи орунга чыккан.
Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт. Бул жолку оюндар «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураан менен өтүп жатат.
Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышууда. Ал эми Кыргызстандын атынан 148 спортчу барды, алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.