Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Орусия президенти Владимир Путин тарабынан «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» III даражадагы ордени менен сыйланганына байланыштуу пикирин билдирди. Эл өкүлү пикири менен эл Телеграм-каналында бөлүштү.
«Путин Рахмонго аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга салым кошту деп сыйлагандан кийин бизде кызыктай жагдай жаралды. Эми буга кандай караш керек? Албетте, эшикти тарс жаап салсак болот, бирок анда бизде чоң көйгөй жаралышы ыктымал, себеп дегенде Орусия менен товар жүгүртүүбүз чоң жана ал жакта биздин көптөгөн жарандар жашайт. Эгер эшигибизди тарс жаппай, башкача айтканда, эч бир реакция кылбай койсок, анда биз баарын сугунуп алгандай, бизге баары жакты, бизди мындан ары деле ушундайынча шылдыңдай берсе болот дегенчелик болуп калат», — деди депутат.
Бекешев өлкө президенти Садыр Жапаров тышкы саясат менен алектенгендиктен абдан оңтойсуз абалда турат деп эсептейт.
«Президент [Садыр Жапаров] өзү кандай реакция кыларын көрөлү. Бул жерде кеңеш тараткан өтө оңой, бирок жеке жоопкерчилик президенттин өзүнүн мойнунда», — деп жыйынтыктады сөзүн эл өкүлү.
Президенттин администрациясынан Рахмондун сыйланганы байланыштуу президент Жапаровдун позициясы кандай экени боюнча «Клоопко» комментарий берүүдөн баш тартышты.
Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмонду «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» III даражадагы ордени менен сыйлаганын 4-октябрда Кремлден билдиришти.
Жарлыкта Рахмонго сыйлык «Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди чыңдоого, ошондой эле аймактык туруктуулукту жана коопсудукту камсыз кылууга кошкон жеке салымы үчүн» берилгени айтылат.
Ал арада, 4-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) башкатчысы Станислав Засты кабыл алган.
Жапаров ага жакында эле кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгонун эске салган.
«Тажик тараптын мындай мыйзамсыз жана деструктивдүү иш-аракеттери биздин жалпы уюмдун беделине шек келтирет. Кыргызстандын жарандык коому уюмдун алкагында куралдуу кагылышуулар болгондо, кандай жамааттык коопсуздукту талкуулоого болот деген суроо негиздүү болуп жатканын айтышууда. Мүчө мамлекеттер менен кагылышуулар болуп жатат», — деп билдирген Акылбек Жапаров.
Ал эми 22-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз-тажик чек арасындага кагылышуудан улам Кыргызстан ЖККУнун уставын кайра карап чыгууну сунуштарын маалымдаган.
«Эгер кимдир бирөө маселени күч менен чечүүгө аракет кылса, анда аны уюмдан четтетүүнү сунуштайбыз. ЖККУга мүчө болуп кирип сырткы коркунучтардан коргонууну күтүп жатканда уюмдун ичинен жаңжалга туш болуп жатсак, анда мунун эмне кереги бар? Биздин өлкөлөр мүчө мамлекеттер бири-бирине күч колдоно ала турган жерлерин алып салыш үчүн ЖККУнун уставынын айрым бөлүктөрүн кайры карап чыга турган мезгил келди», — деп айткан Иманкулов.
ЖККУнун курамына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь жана Орусия кирет. Уюмдун башкы максаты «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө, уюмга мүчө мамлекеттердин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана суверендүүлүгүн жамааттык негизде коргоо» эсептелет.
Ошол эле кезде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишиминде эгер уюмдун мүчөлөрүнүн ортосунда куралдуу жаңжал чыкса кандай чара көрүлүшү керектиги тууралуу механизм жазылган эмес.
Мисалга, 2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эки жолу куралдуу кагылышуу болгондо ЖККУ эч кандай конкреттүү чара көргөн эмес, болгону ок атышууну токтотуп, сүйлөшүүлөргө барууга чакырып тим болгон.
ЖККУнун Бирдиктүү штабынын башчысы Анатолий Сидоров Жамааттык коопсуздук келишиминде жаңжалдарды саясий-дипломатиялык ыкма менен чечүүгө артыкчылык берилерин белгилейт.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал
14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болду. Жаңжалда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин 20-сентябрга карата маалыматына ылайык, бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган. Тажикстандын ТИМнин расмий маалыматында ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.
Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.
Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.