Акылбек Жапаров: Тажик тараптын аракети ЖККУнун беделине шек келтирет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров маектешине жакында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжал тууралуу кеп козгоду.

«Тажик тараптын мындай мыйзамсыз жана деструктивдүү иш-аракеттери биздин жалпы уюмдун беделине шек келтирет. Кыргызстандыктар Уюмдун алкагында куралдуу кагылышуулар болуп жатса, жамааттык коопсуздукту талкуулоо жөнүндө кандай сөз кылууга болот деп негиздүү суроо берип жатышат», — деп билдирди Жапаров.

Станислав Зась өз кезегинде, келечекте мындай трагедиялар кайталанбашы керек деп белгиледи.

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 22-сентябрда кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан улам Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун уставын кайра карап чыгууну сунуштай турганын билдирген.

«Эгер кимдир бирөө маселени күч менен чечүүгө аракет кылса, анда аны уюмдан четтетүүнү сунуштайбыз. ЖККУга мүчө болуп кирип сырткы коркунучтардан коргонууну күтүп жатканда уюмдун ичинен жаңжалга туш болуп жатсак, анда мунун эмне кереги бар? Биздин өлкөлөр мүчө мамлекеттер бири-бирине күч колдоно ала турган жерлерин алып салыш үчүн ЖККУнун уставынын айрым бөлүктөрүн кайры карап чыга турган мезгил келди», — деп айткан Иманкулов.

ЖККУнун курамына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь жана Орусия кирет. Уюмдун башкы максаты «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө, уюмга мүчө мамлекеттердин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана суверендүүлүгүн жамааттык негизде коргоо» эсептелет.

Ошол эле кезде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишиминде эгер уюмдун мүчөлөрүнүн ортосунда куралдуу жаңжал чыкса кандай чара көрүлүшү керектиги тууралуу механизм жазылган эмес.

Мисалга, 2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эки жолу куралдуу кагылышуу болгондо ЖККУ эч кандай конкреттүү чара көргөн эмес, болгону ок атышууну токтотуп, сүйлөшүүлөргө барууга чакырып тим болгон.

ЖККУнун Бирдиктүү штабынын башчысы Анатолий Сидоров Жамааттык коопсуздук келишиминде жаңжалдарды саясий-дипломатиялык ыкма менен чечүүгө артыкчылык берилерин белгилеген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болду. Жаңжалда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин 20-сентябрга карата маалыматына ылайык, бери эле дегенде 59 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.Тажикстандын ТИМнин расмий маалыматында ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атаган. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 972 км, анын болгону 600 километри макулдашылган.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.