Баткен: Куралдуу жаңжалдан каза тапкандардын саны 63кө, жабыркагандар 206га жетти

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан каза тапкандардын саны 5-октябрга карата 63кө жетти. Ал эми жабыркагандар 206ны түздү. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

ӨКМдин 5-октябрдагы маалыматы боюнча куралдуу жаңжалдан 639 турак үй жабыркап, 422си жашоого жараксыз болгону аныкталган. Мындан сырткары 11 административдик-стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 камсыздоочу объект, 61 унаа жабыркап, унаа өтүүчү 1 көпүрө жарабай калган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.

Президент Садыр Жапаров Баткендеги үйлөрдү жаңы жылга чейин бүтүрүп берүүгө «аракет кылабыз» деп убадалаган.