Орусияда миграция мыйзамдарын бузганы үчүн кармалган 19 кыргызстандык абактан бошотулду

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Орусияда миграция мыйзамдарын бузганы үчүн кармалган 19 кыргызстандык абактан бошотулуп, өлкөдөн депортациялоо боюнча эки сот чечими жокко чыгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, басма сөз кызматтан Орусиянын аймагында каза болгон 21 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлгөнүн белгилешти. Мындан тышкары, өткөн айда элчиликтин көмөгү менен кыргызстандык мигранттардын арызынан кийин 7 миллион 757 миң 150 рубль эмгек акысы өндүрүлүп берилген.

«Элчилик 83 кыргызстандыктын ар бири менен жекече баарлашуу жүргүздү. Ишеним телефондору жана социалдык тармактар аркылуу кайрылган 9910 адамга консультация берилип, дипломатиялык өкүлчүлүктүн сайтында 19 маалыматтык билдирүү жарыяланды», — деп кошумчалашты элчиликтен.

Август айында болсо Орусиянын аймагында ар кандай шартта каза болгон 31 кыргызстандыктын сөөгү өлкөгө алып келинип, 29 кыргызстандык камактан бошотулган.

Ошондой эле, дипломатиялык мекеменин көмөгү менен кыргызстандык мигранттардын 2 миллион 947 миң 725 рубль эмгек акысы төлөтүлүп берилген.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылга карата Орусияга жалпысынан 1 миллион 639 миң 28 кыргызстандык кирген. Анын 884 миң 133ү жумушка орношуу максатында келишкен.