Атамбаев Жапаровдун саясатын сындап, эл алдындагы жоопкерчилик жөнүндө ойлонууга чакырды

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 2020-жылдагы октябрь окуяларынын эки жылдыгына карата кайрылуу жасады. Атамбаевдин кайрылуусы Фейсбук барагына чыкты.

Жээнбековдун тымызын сүйлөшүп алуусу

Мурдагы президент өз кайрылуусунда 5-6-октябрда «эл мамлекеттин тарыхында үчүнчү жолу үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол берген президентти [Сооронбай Жээнбековду] кулатканын» билдирди. Бирок, анын пикиринде, «жеңиш элден жөн эле уурдалган».

«Элдин кыжырдануусунан жашынып жүргөн президент, митингдин лидерлеринин ортосундагы карама-каршылыктары менен пайдаланып, айрымдары менен ортомчулар аркылуу тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки күндөн кийин 8-октябрда бийликти кайрадан тартып алган. Бир жумадан кийин, 15-октябрда президенттиктен расмий түрдө баш тартууга аргасыз болгону менен, ал чындыгында бийлик тизгинин [Садыр] Жапаров, [Камчыбек] Ташиев,[Курманкул] Зулушевдерге макулдашып өткөрүп берип элден өч алууга жетишти», — деп санайт Атамбаев. Атамбаевдин айтымында, атайын кызматтар тарабынан жазылып, соцтармакка тараган уят сөздөрдү камтыган аудиотасмада муну Сооронбай Жээнбеков өзү да мойнуна алган.

«Садыр Жапаров президенттик кызматы үчүн өзүн Жээнбеков, Зулушев, Ташиевдерге милдеткермин деп сезет»

Атамбаев шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн Ала-Тоо аянтында карапайым эл митингге чыкканын эске салды.

«Кыргызстандын тарыхындагы эң ыплас парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн Ала-Тоо аянтындагы карапайым эл резина окторунун, ууланган газдын жана кулак тундурган гранаталардын мөндүрүнө кантип туруштук бергени эсибизде. Бийлик аларга каршы милицияны гана эмес, аскерлерди да жөнөтүп, желим окторду, ууланган газ снаряддарын жана жеңил үндүү гранаталарды колдонду. Натыйжада аянтта 19 жаштагы Үмүт каза болду, жүздөгөн балдар олуттуу жаракат алды, ондогону көздөрүнөн ажырап, көрбөй калды», — дейт Атамбаев.

Ал Жапаров митингге чыккандардын аркасы менен түрмөдөн чыгып, президент болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон деп эсептейт. Бирок Атамбаевдин айтымында, бийлик аларга сыйлык берип, дарыланууга жардам бергендин ордуна массалык башаламандыкка катышканы үчүн деп суракка тарткан, ал эми «президент эмнегедир президенттик кызматы үчүн өзүн Жээнбеков, Зулушев, Ташиевдерге милдеткермин деп сезет».

«Азыркы бийлик бир эле Сооронбай Жээнбековду коргоп-колдоп, “ырымдаган” жок, анын бүтүндөй уурулар кланын, коррупционерлерди жаап-жашыргандарды, укук коргоо органдарында кылмыш иштерди ойлоп табып токугандарды коргоп-колдоп, “ырымдап” жатат. Анткени Садыр Жапаров эмнегедир президенттик кызматы үчүн Жээнбеков, Зулушев, Ташиевдерге милдеткермин деп сезет, алардан кийин гана ага ишенип, лидер деп эсептеген элге карызмын деп эсептейт. Бул анын негизги катасы. Ал чын эле ошондо көптөгөн адамдардын үмүтү болгон жана интригаларсыз, ар кандай жабышчактарсыз эле өзү жеңишке жетип, президент боло алмак», — деп эсептейт мурдагы президент.

«Бир калп аны менен калган кирдин баарын сүйрөп келет»

Атамбаевдин пикиринде, Жапаров чындап эле Кыргызстандагы жашоону жакшырткысы келип жаткан болушу мүмкүн. Бирок «башында калпка, бир ууч саясатчыларга көз карандылыкка негизделген саясат ийгиликке алып бара албайт».

«Ошондуктан, Садыр Жапаровдун эң эле келечектүү көрүнгөн долбоорлору менен иш-аракеттери да чанда гана жакшы аяктайт. Бир калп аны менен калган кирдин баарын сүйрөп келет. Чек ара, кадрлар, экономика, коррупционерлер жана башка көйгөйлөр боюнча бүдөмүк, күмөндүү чечимдер ишенимсиздикти жана көптөгөн мыйзам ченемдүү суроолорду жаратты. Керек болсо бийлик бетине кармап мактаган Кумтөр боюнча да коомдо көп суроолор пайда болуп жатат. Келечекте бул келишим чындап эле пайдалуу болобу? Кумтөрдөн тонналаган алтын азыр кайда кетип жатат? Кезинде Кыргызстандын жетекчилигиндеги айрым адамдар “Камеко” компаниясы менен шылуундук кылып жүрүп алган “Центерранын” акциялары азыр кимге өтүп жатат?» — деп суроо салды Атамбаев.

Анын пикиринде, бийлик бутактарынын орторсунда тең салмактуулук системасы, өкмөттө да, мамлекетте да бирдиктүү чечим кабыл алуу борбору кыйрап калган.

Атамбаев куралдуу күчтөрдү реформалоодон жана армияны курууга системалуу мамиледен артка чегинүү Баткенде көптөгөн курмандыктар менен коштолгон эки трагедияга алып келди деп эсептейт.

«Биздин кошуналар чек араларыбызда эч качан мынчалык текебер болгон эмес!» — деп белгиледи ал.

«Бийликтеги бир ууч саясатчылар каалаганын кылып жатат»

Атамбаев «бийликтеги бир ууч саясатчылар каалаганын кылат, бирок аларды сурай турган эч ким жок» деп эсептейт. Анын айтымында, жаңы-эски бийлик чындыгында чыныгы коррупционерлерди колдоп, жада калса мыйзамдаштырууга жардам берип жатат.

«Жоопкерчиликти толугу менен мойнума алам деген президент ыңгайсыз суроолордон качууга аргасыз. Анткени өлкөдөгү эң маанилүү кызматтарда жалпы ыплас сырлар, убадалар, милдеттенмелер менен байланган, эң оор кылмыштары үчүн да жазалана албай турган бир топ кол тийбес адамдар бар. Ошол эле учурда мамлекетте мыйзамдуулуктун сакталышына дал ушул адамдар жооптуу!» — дейт Атамбаев.

«Революцияга негизди дайыма бийлик өзү даярдайт»

Атамбаев «кайсы мамлекетте болбосун, баш аламандыкка, революцияга негизди бийлик өзү ортоңку аракеттери менен даярдап коёт» деп эсептейт.

«Бирок, чындап эле кыйын мезгил босогосунда турганда, бүткүл дүйнөлүк тартип кыйрап турганда, биздин өлкөгө чындап эле дагы бир революция керекпи? Бүткүл дүйнө катастрофалар болбосо, глобалдык соккулардын босогосунда турганда? Бирок бул интригалардын саясаты, көшөгө артындагы чечимдер, калп менен куулук, коркутуулар, бийликтин уялчаактыгы өлкөбүздү кайда алып барат? Чынында эле чек ара маселелери боюнча шашылыш чечимдердин натыйжасында Кыргызстан Баткен облусунун бир бөлүгүнө түз кирүүдөн ажырап калышы мүмкүн! Ал эми бийликти бөлүштүрүү системасынын кыйрашы, өлкөнүн экономикасы менен саясатынын эң орчундуу маселелерин көшөгө артында чечүү бизди кайда алып барат?» — деп кооптонот Атамбаев.

Атамбаевдин пикиринде, азыркы президентке эл, мамлекет жана тарых алдындагы жоопкерилиги тууралуу ойлонууга мезгили келип жетти.

«Жапаров дагы деле өлкөдөгү кырдаалды оңдой алат»

Атамбаев учурдагы президентке азыр да «калыс, коомчулук үчүн түшүнүктүү, анын ичинде кадрдык чечимдерди кабыл алууга кеч эмес» деп эсептейт.

«Президент Жапаров дагы деле кырдаалды оңдой алат. Ошол эле учурда жарандар бийлик 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар сыяктуу үрөй учурган окуялардан сабак алганын көрүшү өтө маанилүү. Өкмөттүн бардык чечимдери ачык жана чынчыл болсун. Жасалма эмес, реалдуу оппозиция мамлекетке керек. Мыйзам алдында бардыгы бирдей болушу керек . Кол тийбес адамдар болбошу керек. Ошондо гана эл менен мамлекеттик бийликтин биримдиги тууралуу сөз жаралат. Ушундай болгондо гана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана балдарыбыздын келечегине ишене алабыз!» — деп жыйынтыктады сөзүн мурдагы президент.

Тема боюнча окуңуз: «Эки жыл». 2020-жылдын октябрь айындагы бийлик алмашуунун хроникасы