Акыйкатчы: Ошто милиция кызматкерлери сабады делген кыздын медэкспертизасы создуктурулуп жатат

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Ош ШИИБнин кызматкерлери тарабынан сабалганын айткан 19 жаштагы кыздын ишин жеке көзөмөлүнө алды. Анын айтымында, жабырлануучуга медициналык экспертиза өткөрүү создуктурулуп жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Билдирүүдө «ур-токмоктун издери анча байкалбай калышы үчүн» жабырлануучуга медициналык экспертиза өткөрүү «укук коргоо органдары тарабынан создуктурулуп» жатканы айтылган.

Мекемеден кызга Стамбул протоколу боюнча текшерүү жүргүзүлгөнүн кошумчалашты.

Буга чейин кыз дарыканага киргенде сатуучу менен кайым айтыша кетип, натыйжада сатуучу милиция чакырганы кабарланган. Кыйноолорго каршы улуттук борбор аялды кармап, милиция бөлүмүнө алып келип, андан соң сабап, кемсинтишкенин билдирген.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери окуя болгон Ак-Буура милиция бөлүмүнөн бардык материалдарды чогултуп, прокуратурага өткөрүп берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыйноолорго каршы улуттук борбор: Оштун милиция кызматкерлери аялды кармап келип сабашкан