Кыйноолорго каршы улуттук борбор: Оштун милиция кызматкерлери аялды кармап келип сабашкан

6-октябрда Кыйноолорго каршы улуттук борбору Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлери тарабынан сабалган аял кайрылганын билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, окуя Ош шаарында болгон.

Кабарлангандай, аял дарыканага киргенде сатуучу менен кайым айтыша кеткен, натыйжада сатуучу милиция чакырган.

Улуттук борбордон аялды кармап, милиция бөлүмүнө алып келгенден кийин сабашканын билдирди.

«Улуттук борбордун кызматкерлери арыз ээсинин ур-токмокко алынган жана жаракат алган сүрөттөрү менен таанышып, жабырлануучуну биринчи медициналык кароодон өткөрүү боюнча убактылуу кармоочу жайдын жетекчилигинен маалымкат алып, акт түзүшкөн», — деп билдиришти укук коргоочулар.

Ошондой эле борбордун кызматкерлери окуя болгон Ак-Буура милиция бөлүмүнө барып, бардык материалдарды чогултуп, прокуратурага өткөрүп беришкен.