Бакыт Төрөбаев Баткен облусунда мунайды кайра иштетүүчү завод курууну сунуштады

Ведомствонун маалыматына ылайык, Төрөбаев мындай сунушун 6-октябрда Лейлек жана Баткен облустарын калыбына келтирүү маселесин мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун жетекчилери менен талкуулоо учурунда киргизди.

Чиновник аймакты калыбына келтирүү үчүн биринчи кезекте өндүрүштүк ишканаларды салуу керек деп белгиледи. Анын пикиринде, бул жумуш орундарын түзүп, элдин кирешесин көбөйтөт.

«Приоритеттүү багыттар катары цемент, айнек өндүрүү жана бентонит чопосун кайра иштетүү линияларын ишке киргизүү саналат. Мамлекеттин саясаты калктын сыртка кетпей, үйүндө, Баткен облусунда иштөөсүнө багытталган», — деп түшүндүрдү Төрөбаев Лейлек районуна мунайды кайра иштетүүчү завод салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап.

Минкабдын маалыматына ылайык, аймакта өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү сунушун «Кыргызалтын», «Кыргызсуудолбоор» жана «Кыргызкөмүр» акционердик коомдорунун жетекчилери да сунушташкан.

Төрөбаев мамлекеттик банктар менен өнүктүрүү фонддору Баткен облусундагы ишкерлик чөйрөнү калыбына келтирүүгө көмөк корсөтүүгө даяр экенин айтып, алар долбоорлорду каржылап башташканын кошумчалады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Атышуу болгон аймактан 140 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, коопсуз аймакка качкан.

Атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак жай талкаланган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

20-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган. Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.