Милиция Орусиянын элчилигинин алдында митингге чыккандарды коё берди

Милиция Бишкекте Орусиянын элчилигинин алдында согушка каршы митингге чыккан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров менен дагы бир активистти суракка алгандан кийин коё берди. Бул тууралуу Токтонасыров Фейсбук барагына жазды.

«Коё берилдим. Демек, менин иш аракетимде эч кандай кылмыш белгилери, аракет болгон эмес. Рахмат, сиздерге! Бирок, бүгүн өз демилгеси менен чыгып, бир машинада мени менен суракка алынып келинген Владимир аттуу орус жигит калды. Аны башка тергөөчү сурап жатат. Укук коргоочулар сиздерден сураныч Владимирди да коргогулачы. Аны Россияга экстрадициялап коюшпасын», — деп суранды Токтонасыров.

Биринчи май РИИБи кармалган үчүнчү киши тууралуу «Клоопко» кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты.

Буга чейин «Баштан Башта» жарандык кыймылы Телеграм каналында Орусиянын элчилигинин алдында жеке пикетке чыккан активист Токтонасыровго милици кызматкерлери тоскоолдук кылып жатканы тартылган видеону жарыялаган.

Видеодон милиция кызматкерлери соттун митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимин көрсөтүп, пикетти башка жакка жылдырууну суранып жатышканын көрүүгө болот.

«Путин Баткенге ошентип кол салып, анан Рахмонду сыйлаганы сага жагабы?» — деп сураган Токтонасыров милиция кызматкеринен.

«Баштан Баштанын» Телеграм каналында пикеттин катышуучулары кармалып жатканы тартылган видеону дагы жарыяланган.

Активисттер орус элчилигинин алдына согушка каршы митингге буга чейин дагы чыгышкан. Анда милиция кызматкерлери уюштуруучу Өндүрүш Токтонасыровго элчиликтин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынганы тууралуу соттун токтомун көрсөтүшкөн соң акция Горький атындагы паркта өткөн.

Буга чейин калаанын Биринчи май РИИБи бир нече жайда, анын ичинде Орусиянын элчилигинин алдында тынчтык митингдери менен акцияларды өткөрүүгө тыюу салган. Көп өтпөй Биринчи май райондук соту тыюуну мыйзамдуу деп тапкан.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.

Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Путин тажик президенти Эмомали Рахмонду орден менен сыйлады

Тажикстан кыргыз ТИМнин Рахмондун сыйланганына байланыштуу сынын чагым деп атады