Бишкекте Украинадагы согушка каршы митинг өттү

Бишкекте Украинадагы согушка каршы митинг өттү. Нааразычылык акцияны жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров уюштурду.

Буга чейин активист Фейсбук барагы аркылуу Орусиядан качып келгендерди Орусия элчилигинин алдына чогулууга чакырган.

Нааразылык акциясынын катышуучуларын элчиликтин алдынан милиция кызматкерлери тосуп алып, соттун митинг өткөрүүгө тыюусун көрсөтүштү. Мындан улам, митинг Горький атындагы паркта уланды.

Токтонасыров соттун чечимин Конституцияга каршы келет деп атап, бирок милиция кызматкерлеринин ал жерден эч ким тийишпей деген сөздөрүн текшерүү үчүн митингди аталган паркта өткөрүүнү чечкен.

«Биринчи май РИИБнин кызматкерлери эгер мен (элчиликтин алдынан) кетпесем, мени РИИБге алып кетишерин айтышты. Ал эми парктан мага эч ким тийишпейт дешти. Алардын сунушунан улам, бул жерде турам. Азырынча тынч», — деди Токтонасыров.

Милиция кызматкерлери митингдин катышуучуларынын артынан паркка барышты. Бирок алар митингге чыккандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн келгенин айтып ишендиришти.

Митингге Орусиянын эки жараны келди. Алардын бири – Иван. Ал Бишкекке келгенине сегиз айдан ашып калган, буга чейин дагы Украинадагы согушка каршы акцияларга катышкан.

Ал митинг болорун соцтүйүндөрдөн укканын айтып, Орусия Федерациясынын алдына митинг өткөрүүгө тыюу салынганы тууралуу ою менен бөлүштү.

«Жалпысынан мен буга өтө терс [карайм], менин түшүнгөнүмө караганда, башында элчиликтни алдына тыюу салыныптыр, кийин жалпы шаардын борбору, анын ичинде Горький паркы дагы бул укуктан ажыраптыр. Бирок апрелде дал ошол жерден [парктан] митингчилерди кармап кетишкен экен, президенттин айтканына карабастан, көрсө бул жакка да тыюу салынган экен да. Бирок жалпы алганда буга терс карайм, Кыргызстанда эл кай жерде митингге чыгарына Орусия элчилигинин кандай иши бар?» — деди ал «Клооптун» кабарчысына.

Нааразычылык акциянын дагы бир катышуучусу Юлия Кулешова — ал да Иван сыяктуу эле Бишкекке Санкт-Петербургдан келген.

«Мен үчүн азыркы болуп жаткан окуялар, Орусиянын Украинада кылып жаткан өтө оор жана коркунучтуу. Орусия Украинага кылмыштык аракеттерди гана жасабастан, ага өз жарандарын да куугунтуктап жатат, ошондуктан биз Кыргызстанда саясий активист катары жашап жатабыз. Кыргызстанда сөз эркиндиги бар дегендиктен, бул жакта өз позициябызды айтып жатабыз. Анткени, бул согуш Орусия менен Украинаын мамилесин гана эмес, бул аймактагы башка өлкөлөргө, жадпы эле постсоветтик өлкөлөргө тийиштүү болуп жатат», — дейт Кулешова.

Материалдын автору: Зулайка Эркимбаева.