УКМК УКТ мүчөлөрүнүн премиум класстагы ок өтпөс унааларын конфискациялады

УКМК уюшкан кылмыш топтун (УКТ) мүчөлөрүнүн премиум класстагы ок өтпөс унааларын конфискациялады.

Алардын маалыматына ылайык, унаалар «Уюшкан кылмыш топ түзүү же ага катышуу» беренеси менен тергелип жаткан кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында мамлекеттин пайдасына алынган. Алсак, УКМК жалпы суммасы 33 миллион сомдук беш унааны конфискациялаган.

Атайын кызмат УКТнын кылмыштуу жол менен табылган каражаттарын мыйзамдаштырууга тиешеси бар адамдарды издөөнү улантып жатканы кабарланды.