Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров 7-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда өлкө башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана эки тараптуу интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптардын түбөлүк союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүгү боюнча да сөз болду. Мындан сырткары, эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгы белгиленди.

Мекеменин басма сөз кызматынан Жапаров орус президенти Владимир Путинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктаганын кошумчалады.

КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин бейформал саммити 7-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн. Ага президент Садыр Жапаров катышпай тургандыгы айтылган.

«Орусия президенти Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу президент Жапаровдун куттуктоосун жеткирүү үчүн кыргыз тараптан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү», — деп жазган президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Тема боюнча:

«Путин 70 жашта». Жапаров КМШнын бейформал саммитине катышпай турганы айтылды