«Путин 70 жашта». Жапаров КМШнын бейформал саммитине катышпай турганы айтылды

Иш графигине байланыштуу президент Садыр Жапаров Санкт-Петербургдагы КМШга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал саммитине катышпайт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Орусия президенти Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу президент Жапаровдун куттуктоосун жеткирүү үчүн кыргыз тараптан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү», — деп жазды Султанбаев Фейсбук барагына.

КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин бейформал саммити 7-октябрда, Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт. Анда уюмдун алкагындагы өз ара кызматташуу маселелери талкууланат.

Ошондой эле, 7-октябрда Орусия президенти Владимир Путин 70 жашка чыгып жатат.

4-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмонду «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» III даражадагы ордени менен сыйлаган.

Жарлыкта Рахмонго сыйлык «Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди чыңдоого, ошондой эле аймактык туруктуулукту жана коопсудукту камсыз кылууга кошкон жеке салымы үчүн» берилгени айтылган.

Маалыматка Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустабаев реакция кылып, «сыйлык күнөөлүүнү тапканын» билдирген.

Кустабаев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда күнөөсүз адамдар каза болуп, энелер күйүткө батып турган маалда Рахмонго мындай сыйлыктын берилиши таң калыштуу экенин белгилеген.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тажик президенти Эмомали Рахмондун Путин тарабынан ордени менен сыйланышы кызыктай жагдайды жаратканын билдирген.

«Албетте, эшикти тарс жаап салсак болот, бирок анда бизде чоң көйгөй жаралышы ыктымал, себеп дегенде Орусия менен товар жүгүртүүбүз чоң жана ал жакта биздин көптөгөн жарандар жашайт. Эгер эшигибизди тарс жаппай, башкача айтканда, эч бир реакция кылбай койсок, анда биз баарын сугунуп алгандай, бизге баары жакты, бизди мындан ары деле ушундайынча шылдыңдай берсе болот дегенчелик болуп калат», — деген депутат.