«Мамкызматта иштеген эмес». Садыр Жапаров экс-губернатор Алтынбек Сулаймановду сынга алды

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Алтынбек Сулайманов «реформага шылтабай эле жөн эле кызматтан кетип калса болмок» деп билдирди.

Өлкө башчысы президенттин Ысык-Көлдөгү мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү буга чейин мамлекеттик кызматта иштебегенин белгилеп, дароо бир облустун башчысы болуп барганда кыйналды окшойт деп божомолдоду.

Аны менен катар, Сулаймановдун жергиликтүү бийлик реформага муктаж деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.

«Жергиликтүү бийликти реформа кылыш үчүн долбоорлор даярдалыш керек. Жөн эле ой келди жасап салгыдай мамлекет мал сарай эмес да. Долбоорлор даярдалып жатат. Айтып коюш оңой. Практика жүзүндө ишке ашырыш кыйын», — деди ал.

Үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрда Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов кызматын тапшырган. Ал кызматтан кетип жатып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын сынга алган.

Сулайманов жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж экенин айтып, борбордук башкарууну децентрализациялоо керектигин билдирген.

«Жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда, элетте эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Мен саясатчы, сөзүнө бек турган инсан катары ар бир баштаган ишимди аягына чыгарууга аракеттенип келем. Мындай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракеттерим текке кетерине көзүм жетти. Ошондуктан мен Ысык-Көл элинин да, өзүмдүн да убактымды кетирбей, өз каалоом менен кызматымды тапшырууну чечтим», — деген ал.

Ошол эле күнү президенттин жарлыгы менен Сулаймановдун орудуна Ысык-Көл облусунун ыйгарым укукту өкүлү болуп Илияз Иманбетов дайындалган.