Укук коргоочу: Кыргызстандыктар, Орусияга келишимдик негизде аскердик кызмат өтөөгө барбагыла

«Кыргыз биримдиги» коомунун өкүлү Аниса Жээнбекова кыргыз жигиттерин келишимдик негизде аскердик кызмат өтөө үчүн Орусияга барбоого чакырды.

Ал Украинада согуш башталгандан бери биринчи жолу кыргыз жараны ыктыярдуу түрдө келишимге кол коюп, фронтко кетүүгө ниеттенип жатканы тууралуу маалымат алганын айтып берди.

Аниса Жээнбекова. Сүрөт: «Клооп»

Жээнбекова жигиттин жакын туугандарынын өтүнүчү менен аны келишимдик негизде кызмат өтөө оюнан кайтарууга аракет кылганын айтты. Бирок көндүрө алган эмес. Мындан тышкары, юрист жигитти токтотуп калуу өтүнүчү менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жана диаспорага дагы кайрылган. Бирок алар дагы жардам бере алышкан эмес.

Жээнбекова ал бала насыясын төлөө үчүн келишимдик негиздеги аскердик кызматка барганын аныктаган.

«Кантип ошол кандуу акча менен бала-чакасын багат? Кантип ошол акча менен тиричилик кылат? Эгер тирүү калган болсо, кантип колун канга малып келип үй-бүлөсүнүн жана туугандарынын бетин карайт?» — деп суроо салды юрист.

Укук коргоочу кыргыз жигиттерине келишимдик негизде аскердик кызмат өтөөгө барбагыла, кийинки кесептерин ойлонгула деп кайрылды.

Ал чет өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн кыргызстандыктар кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертти.

Анын айтымында, чет өлкөнүн аймагында согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктар 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланат.

«Кечээ Баткен окуясынан кийин канчалаган жаш, кычыраган жигиттерибизден айрылдык. Эмнеге ошолордун катарына туруп, силер өз мамлекетиңерди коргобойсуңар дагы, башка мамлекетке акчага барып туруп адам өлтүргөнгө макулсуңар?» — деп кошумчалады Жээнбекова.

Орусиядагы жарым-жартылай мобилизация

21-сентябрда Орусияда Украина менен согушуп жаткан бөлүктөрдүн өздүк курамын толуктоо үчүн «жарым-жартылай мобилизация» жарыяланган.

Пентагондун маалыматына ылайык, август айынын башында эле Орусия өлгөндөр жана жарадар болгондорду кошкондо 70-80 миң адамын жоготкон. Ал эми Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 28-сентябрга карата маалыматы боюнча, алардын саны набыт болгондорду кошкондо 58 миңден ашкан. Орусия болсо алда канча аз санды айтууда.

21-сентябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус тараптын жоготуулары болгону 5 937 киши экенин билдирген. Шойгу 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизацияга запаста турган 300 миңге жакын адам чакыртыларын билдирген. Бирок Meduza басылмасынын маалыматына ылайык, Орусия 1,2 млн адамды мобилизация кылууну көздөйт. Анткен менен орус бийлиги бул планын четке кагып келет.

Дагы окуңуз: Путин нааразылыктардан кийин «жанылыш» мобилизациялангандарды артка кайтарууга чакырды

Путин Орусияда жарым-жартылай аскердик мобилицизация башталганын жарыялады