Видео: Активисттер таштанды полигонуна жакын жашаган балдарга чыгармачыл аянт уюштурушту

Бишкектеги таштанды полигонуна жакын жайгашкан «Алтын-Казык» конушунун активисттери жергиликтүү балдар үчүн билим берүүчү жана чыгармачыл аянтча уюштурушту. Аталган конушта социалдык жактан аялуу адамдар жашайт.

Балдар үчүн аянтчаны автивист Бермет Бөрүбаева конуштун тургундары менен биргеликте жергиликтүү дүкөндүн ордуна жасашкан.

«“Алтын-Казыкта” китепкана, кандайдыр бир коомдук борборлор, өнүктүрүү ийримдери — эч нерсе жок. Балдар [билим булагынан] ажыраган. Тургундар өздөрү англис жана орус тилинен сабактар керектигин айтышты. Ага кошумча сүрөт тартуу боюнча мастер-класстарды уюштурдук. Башкача айтканда, бул жерде эч нерсе өткөрүлбөйт. Ошондуктан балдардын кызыгуусу чоң», — дейт Бөрүбаева.

Чыгармачыл аянтчаны жергиликтүү тургундар «Куткарылган китептердин китепканасы» деп аташкан. Дүкөн коронавирус пандемиясынан улам каралбай жана колдонулбай калгандан кийин оңдолгон.

Ар дем алыш күндөрү ыктыярчылар балдарга сабак өтүшөт. Конуштун аймагында экологиялык абалдан улам мектеп жок, ошондуктан балдар «Калыс-Ордо» конушундагы мектепке барууга аргасыз.

Таштанды полигону үчүн шаар мэриясы жооптуу, калаа бийлиги полигондун аймагын иретке келтирүүнү бир нече ирет убада кылган. 2015-жылы Жогорку Кеңеш «Бишкек боюнча Катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорун ратификациялаган. Долбоорго ылайык, учурдагы таштанды төгүүчү жай рекультивацияланып, таштанды иргөөчү завод курулат.

2020-жылы рекультативация долбоору коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган, ал эми 2022-жылдын мартында Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы таштанды иргөөчү завод курууга тендер жарыялаганы белгилүү болгон.

Завод ЕРӨБ Бишкектеги таштандыга байланыштуу абалды жакшыртуу үчүн Кыргызстанга 2014-жылда эле бөлгөн каражатка курулмакчы. Ал убакта буга жалпы 22 млн евро бөлүнгөн.

Ал арада, таштанды полигонунда жаңы санитардык полигондун курулушуна жана таштандынын рекультативациясына жооптуу эстониялык компания ишин улантууда.

Видеонун үстүндө иштегендер: Айдай Токоева, Анастасия Лысогорова.