Чек ара жаңжалында кыйраган Достук жана Капчыгай айылдарына жаңы үйлөр курулат

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Документке ылайык, Капчыгай жана Достук айылдарындагы турак үйлөрдө аныкталган бузулуулардын бар же жок экендигине карабастан толугу менен сүрдүрүлөт. Бийлик анын ордуна жаңы үйлөрдү курууну пландап жатат.

Бул чек арадагы жаңжалдан жапа чеккен кыргызстандыктарга керектүү жана бирдей шарттарды түзүү максатында жасалып жатканын басма сөз кызматтан белгилешти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Атышуу болгон аймактан 140 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, коопсуз аймакка качкан.

Атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак жай талкаланган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралдуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

20-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган. Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.